ЖЫЛНААМА, 20-СЕНТЯБРЬ: Италиялык эң сулуу актриса Софи Лорен 83 жашка толду
Софи Лорен жаш кезинде


Софи Лорен жаш кезинде

Софи Лорен «Брак по-итальянски» фильминде

Софи Лорен «Леди Л.» тасмасында

Софи Лорен «Девять» тасмасында

Софи Лорен күйөөсү Карло Понти менен


Софи Лорен уулдары менен

Актрисаны жаш курагында сулуулуктун эталону катары көрүшчү. Анын ажары азыр да суктанарлык



Атактуу италиялык актриса жана ырчы Софи Лорен Римде 1934-жылдын 20-сентябрында туулган. Ал Канн, Венеция, Москва, Берлин кинофестивалдарынын сыйлыктарына ээ болгон. Ошондой эле "Алтын глобуска" беш жолу татыктуу болуп, чет тилдеги ролу үчүн биринчи жолу берилген "Оскар" сыйлыгына арзыган.
Софи Лорен "Чочара", "Вчера, сегодня, завтра", "Брак по-итальянски", "Подсолнухи", "Чёрная орхидея", "Это началось в Неаполе", "Миллионеры", "Графиня из Гонконга", "Поездка" сыяктуу көптөгөн тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.
14 жашында сулуулар сынагына катышып, жеңишти багындыруусу менен ал атактуулуктун алгачкы жолун ачкан. 1952-жылы Софи Карло Понти аттуу продюсер менен таанышкан. Карло Понти Софини тасма талаасына алып чыгып, көмүскөдөгү талантын дүйнөгө көрсөткөн. Ал гана эмес кийинчерээк актриса экөө үйлөнгөн. Түгөйлөр 2 баланын ата-энеси.
Софи Лорен адегенде эпизоддордо роль жаратып жүрүп, "Золото Неаполя" тасмасында роль жараткандан кийин белгилүүлүгү арткан. Ал өзүнүн карьерасын көп жылдар бою ийгиликтүү уланта алган. 2002-жылы өзүнүн уулу Эдуард Понтинин "Только между нами" тасмасында роль жаратуу менен тасмалардагы негизги каармандардын ролун аткарууну жыйынтыктаган.
Бүгүнкү күндө актриса китеп жазып, кайрымдуулук иштери менен алектенет. Анын ажарына жаш чагында кандай суктанышса, азыр да анын сулуулугу суктандырарлык экени жазылат чет элдик маалымат булактарында.
20-сентябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aminali

20.09.2017. 21:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээх жаштык,кетет экенсин да токтобой!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.