super.kg logo

Садыр Жапаровдун иниси: "СИЗОнун жетекчилиги агама атабызды жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берген жок"

 

Абакта жаткан Садыр Жапаровдун 84 жашында каза болгон атасы Нургожо Жапаровдун сөөгү 22-сентябрда Ысык-Көл облусунда өзү туулуп өскөн айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маркумдун уулу Давлет Жапаров билдирди.

"Атамдын сөөгүн 22-сентябрь күнү саат 11де өзү туулуп өскөн Түп районундагы Кең-Суу айылына коёбуз", - деди Давлет Жапаров.

Ал эми Садыр Жапаровго атасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн уруксат бериле элек.

"Жактоочу Шарабидин Токтосунов экөөбүз атам каза болгондон жарым саат өткөндөн кийин эле агамды акыркы сапарга узатууга катыштыруу үчүн уруксат сурап СИЗОго келгенбиз. Бирок СИЗОнун жетекчилиги уруксат бербей койду. Алар ЖАМК чечет деген жоопту айтышты. Учурда аталган мекемеге кат аркылуу кайрылуу бергени жатабыз", - деп билдирди ал.

Садыр Жапаровдун атасы бүгүн, 20-сентябрда Бишкектеги Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда
дүйнө салды.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(40)
20.09.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Соттун деле атасы бардыр, бир кун баарыбыз эле олобуз, уруксат берип турса жакшы болот
20.09.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Урматтуу бийликтегилер тез арада уруксат бергиле. Элдердин убал каргышына калып жатасынар.
20.09.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Зорго турган элдерди козгобогулачы,акыры жаман болот.
20.09.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Суранабыз уруксат бергиле бийлик,топурак салып келсин.
20.09.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Уруксат бербей койгон сот адам эмес акмак экен
20.09.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эл качан эле көтөрүлмөк шайлоо тынчырак өтсүн деген үмүт менен сабыр кылып турушат бул бийлик Акаев менен Бакиевтен да өтүп түштү. Эми атасын акыркы сапарга узатууга уруксат бергиле болбосо кудайдын каргышы урат соттор прокурорлор силер адымдык сапаттан тайыпсыңар аллахтын жазасы силерге тийсин
20.09.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Уруксат бергиле, адамкерчилик керек го, анык кылмышкер Батукаевди деле бошоттунар эле го.
20.09.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
эн жаман нерсе угуп билип туруп оз атана топрак салабай калсан Жапаровтордун уй булосуно терен кайгыруу менен конул айтабыз атанардын жаткан юери жайлуу топурагы торко болсун
20.09.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aerforce, оомийн
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: