super.kg logo
  Саясат  

Атыр Абдрахматова БШКда өгөйлөнүп жатканын айтты

 

"Эгерде президенттик шайлоону мыйзамсыз өткөрсөк, анда элибизди үч-төрткө бөлүп койгон болобуз", - деп билдирди 20-сентябрда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова. Ал БШК коллегиалдуу орган экенин белгилеп, бирок комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн укуктары бузулуп жатканын айтат. БШКда бийлик узурпацияланды деп баса белгиледи.

"Мыйзам боюнча БШКнын бардык мүчөлөрүнүн укуктары бирдей. Бардык чечимдер коллегиалдуу түрдө кабыл алынышы керек. Бирок билесиӊер, мен берген сунуштар дайыма өтпөй калат. Төрайым менен биздин укуктар теӊ, бирок бизге өз жумушубузду кылууга шарт түзүлбөй жатат. Тескерисинче, аппаратты мажбурлап бизди каралоого өтүштү. Аппарат БШКнын бардык мүчөсүнүн тапшырмасын аткарышы керек, бирок аткарышпайт. Документ сурасаӊ "бере албайбыз, жумуштан кетирем деп жатат" деп ачык эле айтышат. Мыйзамсыз иштен алуулар бизде толтура. Анан муну узурпация дебей, эмне дешибиз керек? Узурпация", - дейт Абдрахматова.

Эскерте кетсек, бүгүн БШКнын 4 мүчөсү: Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Елена Жылкычиева, Гүлнара Журабаева маалымат жыйын берип, БШКнын өзүндө мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: