Вице-премьер Зилалиев Жээнбековго добуш берерин айтып, бюджеттен айлык алгандардан колдоо сурады

Президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, өкмөттүн вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айтты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазып чыкты.
"Мен сиздерден азыр келип суранарым: бизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган - бул Сооронбай Шарипович (Жээнбеков - ред.). Мен дагы агитация кылган жерим жок. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. "Жок, сиздики туура эмес" деп мен айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен сиздерден суранам түкүрбөгүлө", - деди Зилалиев.
Ал бул жолугушууда айтканы тууралуу "ал жерде менден сурашканынан мен кимге бере турганымды айттым. Алдын ала үгүт катары кабыл албаңыздар деп айттым" деп түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, 25-августта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрликке талапкер болуп турганда Сапар Исаков: "Президенттик шайлоодо эч кимге чуркабайбыз. Биз технократтар өкмөтү болобуз. Саясий оюндарга кирбейбиз. Максатыбыз такыр башка", - деп депутаттарга убада берген.
Президенттик шайлоо 15-октябрга дайындалган.
Вице-премьер Зилалиев бюджеттен айлык алгандардан Жээнбеков үчүн колдоо сурады

Мамлекеттик казынадан маяна алган кызматкер ичкен кудугуна тукургудой Сен, Жээнбеков же Аташкан чонтогунон чыгарып акча берип жатыптырбы?!! Элдин бешене теринен чогулган казынадагы акчаны менчик коруп жаман уйронгонсунор да ээ?!! Карапайым адам колундагы биртке акчасын суунун, жердин салыгы, соц.фонддун салыгы деп толойт, айла кетсе Россиялап тентийт... Ал эми силер ошол чогулган акчаны каалагандай сапырып жаман уйронгонсунор да ээ, казынаны мкечиктеп уурдап-тоноп!
Эркексинби, намысын барбы?!! Эркек болсон айыбынды мойнуна алып арызынды жазып иштен кет!!! Катын болсон, к.. болсон креслого жабышасын Мусабековага окшоп....
Кечоо эле "шайлоо таза отот, мамлекеттик кызматкерлер, студенттерди кысымга алгандарга, аларга угут жургузгон мамлекеттик кызматкерлерге чара корулот" деген ким эле?!!
Сен катарлагы жаран катары пикиринди айтасынбы коесунбу, сен вице-премьер-министрсин, жогорку мам.кызматкер бо
Кызматтан бошотуп, Кыргыз Республикасынын шайлоолор жонундо конституциялык мыйзамынын 22-берене, 15-пунктун одоно бузгандыгын учун кылмыш жообуна тартуу керек.....
Ал эми Жээнбековду шайлоодон четтетуу керек..... Эгер мындай болбойт экен, жакында чон "бороон" болот эл толкуп, ошол "бороондон" кийин сени менен суйлошобуз, Атамбаевдин "куурчагы"!!!!!
Мамлекеттик кызматкерлерге Жээнбеков чонтогунон маяна берип жатыптырбы?!! Бул созун учун жооп бересин Зилалиев, ал кун жакын!!!