super.kg logo

Элчилик: "Москвада кармалган мигранттардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда"

 

Орусиянын Москва шаарында кармалган мигранттардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Биздин кызматкерлер расмий органдардан тактап жатышат" , - деди Байымбетова.

Айта кетсек, бүгүн орусиялык бир катар маалымат агенттиктери күч органдарына шилтеме берүү менен Москва шаарында соода борборунун жанындагы мушташтан соң ондогон мигранттар кармалганын жазып чыгышты. Анда окуя 20-сентябрь күнү кечинде Тихорецк бульварындагы соода борборлорунун биринде болгону жана күзөт кызматкерлери жүк ташып иштеген тажик жаранын сабап салышканы айтылат.

Мындан улам соода борборунун жанына 100гө жакын мигранттар чогулуп, күзөт кызматкерлерин жазага тартууну талап кылышкан. Бирок ортодо түшүнбөстүк чыгып, эки ортодо мушташ чыккан. Аны полиция кызматкерлери келип токтотушкан. Алдын ала маалымат боюнча, 50дөй мигрант кармалган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.09.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тихорецкий бульвар 1 .тажибайлар менен охраналар.кыргыздар жок.
21.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алаканатай болуп биро мн уруша кетсен ызылдап даро топтоло коюшат ушу тажибайлар же созго тушунбойт
21.09.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба тажиктер деп жатышат.
21.09.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
орустарды жаман коруп койобуз Кыргызстанда бир таджикти уруп оішентип таджиктер чогулуп корсунчу бутунбой кыргыздар келип жеп коймок ошол эле казахстанда же даагы бир снг олколорундо Москвада иштеп келдим парктарда шашылык кылып мас болуп алып орустарды киргизбейсинго чиркин кыргызстандын жайлоосунда жургондой болуп
21.09.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Торговый центр Москва, ал жерде кыргыздар да коп,элчилик алдын ала жок деп айтпай жакшылап текшерсин
22.09.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын Россиядагы элчилигин жоюп эле салгылачы. Бир жума мурун байланышка чыкканымда уч кундон сон гана телефонго жооп беришти. Уч кун катары менен чалдым
Бул эмне деген шермендечилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: