Орусияда кармалган казак кримтөбөлүнөн жасалма Кыргыз паспорту табылды
Ушул жылдын 16-сентябрь күнү ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында кылмыштуу топтун башчысы Рафаэль Бикбаев Москва облусунда кармалган. Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы, Бикбаевдин жанынан жасалма Кыргыз паспорту табылганын жазып чыкты.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматында, Бикбаевдин кылмыштуу тобу Түштүк-Казакстан облусунда каракчылык жана рейдерлик басып алуу менен алектенип жүрүшкөн.
"Ушул жылдын март айында Бикбаевдин кылмыштуу тобу ишкерлик менен алектенип жаткан Түштүк Кореянын жаранын коркутуп, чийки затты кайра иштетүүчү фабрикасын өздөрүнө жаздырып алышкан. Июнь айында Шымкентте аталган кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалган. Алар чет элдик жарандын ишканасын тартып алууга Бикбаевдин тиешеси бар экенин айтышкан. Мындан улам 2-август күнү Рафаэль Бикбаевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 2013-жылы казакстандык олигарх, экс-чиновник, эл аралык издөөдө жүргөн Мухтар Аблязовго Кыргыз Республикасынын эки паспорту берилгени белгилүү болгон.
Ал эми 2016-жылдын 17-майында Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон Cауд Арабиясына учмакчы болушкан 98 Кытай жараны жасалма Кыргыз паспорту менен кармалган. Иликтөөдө алар ар бир паспортту 2 жарым миң еврого жасатканы аныкталган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул документтердин чыныгы ээлери Кыргыз өлкөсүндө жашай турганын жана ал паспорттор жасалма экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Акча учун баарын сатып эчнерсе калбай калчу заман келе жатат.
Кудай эле жазаласын ушуларды.
Зеенинди гана кейитетда акмактар!
Мен Россияда бир бланканы туура эмес толтуруп алганыбыз учун башынан баарын кайра текшертип даярдатышты.
А биздикилер акчасын алып бара бер демек!
Кримтобол эмес,пол жууган озбек аялзаты,кочо шыпырган тажик эркеги деле кыргыз болуп чыкса,такыр тан калбайм.
Мыйзамсыз паспорт жасоо бобнча эн арзан биздин олконуку,кымбаты Россияныкы деген маалыматтар илгери эое бар болчу.
Кайран,Кыргызстанды чын эле Кудай Сактаганынан эле журобуз.