Бишкекте айдоочулар жол талашып, ок атылды
Бишкекте Иса Ахунбаев-Таабалды Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулар жол талашып, ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"21-сентябрь күнү кечки саат 9:00 чамасында эки айдоочу жол талашып мушташкан. Жыйынтыгында айдоочулардын бири тапанча менен каршылашына ок чыгарган. Натыйжада бирөөсүнүн ийинине ок тийип жаракат алган. Учурда катталган окуя боюнча иликтөө, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгында соттук-медициналык экспертиза дайындалат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Бийлик акмак болбосо жол кыймылын иреттеп, жол коопсуздугун камсыз кылуу кыйын беле?!! Айдоочу куболугун башынан алышса айдоочулардын жарымынан кобу сынактан кулап машине айдоону убактылуу токтотмок, жол эрежелерин оздоштуруп сынактан отконг
Ал эми олко боюнча курал жарак которууго тыю салынышы керек, анын ичинде газ жана травматикалык ок атуучу куралдар да чогуу...
Болбосо Афганистан же Колумбияга айланабыз, атып кетти, жашообуз союп кетти деген кабарларга толуп.......