super.kg logo

Салянованын сотунда акыйкатчы менен прокурорлор кайым айтышты

 

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралып, жарыш сөз жүрүүдө. Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөздү сүйлөп жатып, сот анын сөзүн кайра-кайра бөлүп жолтоо болууда деп ага ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткен учурда акыйкатчы Кубат Оторбаев менен прокурорлордун ортосунда кайым айтышуу орун алды. Мындай кырдаалга прокурорлордун акыйкатчынын суранычын четке каккандыгы себеп болду.

Прокурорлор коомдук жактоочунун сөзүн токтотууну талап кылышып: “Жактоочу ишке тиешеси жок, өтө эле туура эмес суроолорду берип, кайра өзү жооп берип жатат”, - деп айтышты. Акыйкатчы алардан айткандарын тактап, кайра кайталап коюуну өтүнгөндө прокурор: "Акыйкатчы бул жерде эч бир тарапка кирбейт", - деп жооп берди.

Сот кеңешме бөлмөсүнөн чыкканга чейин акыйкатчы менен прокурорлор кайым айтышууга жетишти. Кубат Оторбаев жактоочу болгону ишти кенен ачып берүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди.






Салянованын сотунда акыйкатчы менен прокурорлор кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: