super.kg logo

Башкы прокуратура Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы УКМКнын материалдары боюнча Бишкек шаардык мэриясынын шаардык каржы башкармалыгынын жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу), 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча айыпталышууда.

Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2015-жылы кытайлык "Tebian Electric Apparatus Stock Co. LTD" ишканасы берген кайтарымсыз акчага Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо жаңы конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулушу башталган.

"Келишимге ылайык "А.С." ишканасы мектепти куруу иштерин кытайлык ишкана берген 700 миң АКШ долларына бүткөрүш керек болчу. Бирок шаардык каржы башкармалыгынын жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма келишим аркылуу "А.С." ишканасынын эсебинен бюджеттен 91 миллион 500 миң сом которушкан. Аталган ишкананын каржы-чарба документтеринде жогорудагы которулган акчага бүткөрүлгөн жумуштардын актысы жок болгон. Мындан улам мамлекетке 91 миллион 500 миң сом зыян келтирилген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз да бизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: