super.kg logo

Салянованын сотунда сот жактоочунун сөзүн токтоткондугу үчүн кайым айтышуу орун алды

 

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда.

Отурумда коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова жарыш сөздү сүйлөөдө. Ал Аида Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевге лицензияны берүүдө эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун, кылмыш иши туура эмес козголгондугун айтып жатканда сот анын сөзүн токтотуу чечимин чыгарды.

Ал өз чечимин жактоочу кылмыш ишине тиешеси жок сөздөрдү айтып жатат деген себеп менен байланыштырды. Анын чечимине Салянова жана жактоочусу Чынара Жакупбекова каршы чыгып, ортодо кайым айтышуу орун алды. Натыйжада бир нече убакытка созулган талашып-тартышуудан кийин сот коомдук жактоочуга сөзүн улантууга мүмкүнчүлүк берди.

Отурум жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулуп, 25-сентябрда саат 08:30да улана тургандыгы айтылды.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.09.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне кереги бар болбогон нерселерди жазып кайым айтышты деп соттун аягында эле канча жылга камалганын эле айтып койгула болду алардын айтышканы кызык эмес эч кимге
22.09.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Судя ким, аял кишиби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: