super.kg logo

ТЕСТ: Баатырлар баяны. Эмне себептен эл арасында "Кенесарынын өлүмүндөй" деген сөз калган?

 

Ар элдин, ар замандын өзүнүн баатырлары болот. Алардын эрдиги ооздон оозго айтылып, чоң баяндарга айланат. Кыргыз эли да журтун жоодон коргоп, элин баккан баатырлардан куру эмес. Баатырлардын кылган эрдигин билип, аны айта жүрүү ашыктык кылбас. Баатырлар баянынан кабардар болсоңуз төмөндөгү тесттен өтүп көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Атаке баатыр эмне үчүн оозу-мурдун чүпүрөк менен жаап жүргөн?

Айрым маалыматтарга караганда, салгылашта Атаке баатырдын үстүнкү эрдине найза тийип, эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраңы бузулуп калгандыктан оозу-мурдун жаап жүргөн. Ал эми кээ бир маалыматтарда Атаке баатыр тубаса коён ээк төрөлгөн деп айтылып келет.

Кийинки суроо


Үстүнкү эрдине найза тийген
Баатыр экенин билдирбөө үчүн
Башкалардан айырмаланыш үчүн

Курманжан датканын колун сурап барган Шабдан баатыр кайсы сөздөн жаңылган?

Кыргыздын башын кошуу үчүн түндүк уруулары ал кездин мыкты чыкмасы, атактуу Шабданды жесир Курманжан датканын колун суроого жиберишет. Даанышман датка айымдан сүрдөп кеткен Шабдан “саламатсызбы, эже” деп жибергенин билбей калат. Ошондо Курманжан датка Шабданга “сиз мени эже деп атадыңыз, эми экөөбүздүн никеге жол жок” деп жылуу-жумшак узаткан экен.

Кийинки суроо


Дароо эле аял кылып аларын айткан
Саламдашпай, сөз баштаган
Саламдашканда "эже" деп алган

Тайлак баатыр кокон сарбаздарын өлтүрүп, кайсы баатырын жекеме-жеке сайышта жеңген?

Кокон ханы Мадали Тайлакты туткундоо үчүн Арап баатыр башында турган 500гө жакын сарбаздарын жөнөткөн. Тайлак баатыр Кокон сарбаздарын Тогуз-Тородон тосуп алып, Бычан жайлоосунда эки жак бет келген. Согушта Арап качып кетүү аракетин көрүп, Тайлак аны ашууда кууп жетип, жекеме-жеке сайышта өлтүргөн.

Кийинки суроо


Түлкү баатыр
Арап баатыр
Рахматулланы

Ормон ханды найза менен колтукка сайып жарадар кылган баатырдын атын атаңыз...

Балбай баатыр бугу уруусунун белек уругунан болгон. Ал бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосундагы чыр-чатактардын биринде колго түшкөн Ормон ханды найза менен колтукка сайган. Кээ бир маалыматтарда бычак менен сайган деп айтылып жүрөт. Ормон хан алган жаракатынан улам каза болгон.

Кийинки суроо


Балбай баатыр
Төрөгелди баатыр
Кенесары

Эмнеден улам “Кенесарынын өлүмүндөй” деген сөз калган?

Казак ханы Кенесарынын Кыргызга болгон экинчи чабуулу учурунда жеңилүүгө учурап, ал колго түшкөн. Анын башы алынып, денеси көпкө чейин көмүлбөй жаткан. Ошондон улам эл арасында “Кенесарынын өлүмүндөй” деген сөз калган.

Кийинки суроо


Сөөгү табылбай калган
Сөөгү көпкө чейин көмүлгөн эмес
Кенесары ташбаранга алынып өлтүрүлгөн

Жаманкара баатырдын өлүмү. Казак ханы Кенесары аны эмне кылып өлтүргөн?

Казак-кыргыз согушунан кийин солтодон элчи катары Жаманкара баатыр менен дагы беш киши Кенесарыга барган. Казак ханы Жаманкараны чөк түшүрүп отургузуп коюп, эки бөйрөгүн сууруп алган. Ага кошо Турсун дегенди дагы өлтүрүп, калган жолдошторун коё берген. Өлүктөрүн журтка таштап, өзү көчүп кеткен.

Кийинки суроо


Башын кыя чапкан
Найза менен сайган
Эки бөйрөгүн сууруп алган

Казак ханынын колун алсыратыш үчүн Чу суусун таш менен бөгөп, башка нукка буруп жиберген баатыр...

Кенесарынын колу курчоого алынганда аларды алсыратыш үчүн Чу суусун таш менен бөгөп, башка нукка салып жиберилиши Чынгыш баатырдын акылы менен жасалган иш катары айтылып келет. Натыйжада курчоодо калган Кенесарынын кошууну алсырап, аттары суусап жүрбөй калган.

Кийинки суроо


Жаманкара баатыр
Чынгыш баатыр
Төрөгелди баатыр

Ормон хандын кыйын кырдаалдан чыгуу же душмандын үшүн алуу айла-амалы эмне деп аталат?

“Ормон опуза” - Ормон хандын кыйын кырдаалдардан чыгуу, душманга сыр алдырбай алардын үшүн алуу, коркутуу үчүн колдонгон айла-амалы, аскердик тактикасы. Жаңы түптөлүп жаткан кыргыз мамлекетинин борбордук бийлиги алсыз болгондугуна байланыштуу, Ормон хан “Ормон опузаны” көбүнчө кооптуу учурда же согушта пайдаланган.

Кийинки суроо


Ормон окуу
Ормон чуусу
Ормон опуза

Төрөгелди баатырды бошотуу үчүн орус улугуна башы тартууланган казак ханы...

Кенесары Кыргызга болгон соңку чабуулунда колго түшүп, башы алынган. Ошол Төрөгелди баатыр Иледеги казактардын туткунунда болгон. Ормон менен Жантайдын кишилери казактарга барса, алар Кенесарынын башын орус улугуна тартуу кылуу акылын айтышкан. Жантай өз жакын туугандарынан Калыгул Албек уулунан Кенесарынын башын берип, Төрөгелдини бошоткон.

Кийинки суроо


Кенесары хан
Абылай хан
Тауке хан

Казак ханы Абылайдын колун Балхаш көлүнө чейин сүрүп барган баатыр...

Бүргө баатыр Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан чыккан. Казак ханы Абылайдын Кыргыз жергесине уюштурган жортуулунда анын колун Балхаш көлүнүн аймагына чейин сүрүп барган.

Кийинки суроо


Шабдан баатыр
Атаке баатыр
Бүргө баатыр

Эмне үчүн Алымбек датка Узун-Агачтагы салгылашта аскерлерин согуш талаасынан алып чыгып кеткен?

1860-жылы Кокон ханы Малабек Ташкенттен чоң аскердин башында Канат Шааны, Ферганадан “Анжиян кошууну” деп аталган отряддын башында Алымбек датканы жөнөткөн. Казакстандын Узун-Агачтагы орустар менен болгон салгылашта Алымбек датка аскерлерин согуш талаасынан алып чыгып кеткен. Алымбектин мындай чечиминин түпкү максаты - бүткүл кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет куруу же кокон ордосун толук ээлөө болгон.

Кийинки суроо


Кокон ордосун толук ээлөө үчүн
Согуш талаасында утулуп калган
Аскерлери согушка катышпай коюшкан

Кокон хандыгына эки жолу хан көтөрүлгөн Полоттун чын аты ким болгон?

Кокон ханы Кудаярга элдин нараазычылыгы күчөгөн маалда кыргыз аксакалдары менен уруу башчылары Алим хандын небереси Полот бекке барышкан. Бирок ал чоң атасынын жана андан кийинки Кокон хандыгынын тагдырын эске түшүрүп, сунуштан баш тарткан. Ал топтун өкүлдөрү кайтып келаткан жолдо, өздөрү түнөгөн үйдөн сырткы келбети Полот бекке окшош жаш жигитти учуратып калышат. Бул түштүк кыргыздардын ичкилик уруусунун бостон уругунан чыккан молдо Исхак Асан уулу эле.

Кийинки суроо


Болот
Исхак Асан уулу
Мухаммед

Кайсы баатыр Жаңыл Мырзаны аялдыкка алууга барып, анын колунан ажал тапкан?

Түлкү баатыр калың кол менен Жаңыл Мырзаны аялдыкка алууга барып, таппаган соң элин чаап келе берген. Аны уккан Жаңыл Мырза Түлкү баатырды артынан кууп жетип, жаа менен атып өлтүргөн.

Кийинки суроо


Түлкү баатыр
Үчүкө баатыр
Кудаяр баатыр

Барсбек Чыгыш Түрк каганатына каршы күрөштө кимдер менен биримдик түзгөн?

Орхон-Эне-Сай жазууларында Барсбек тууралуу маалыматтар бар. Анда Барсбек Чыгыш Түрк каганатынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүп, кыргыздарды жетектеген тарыхый инсан болгондугу айтылат. Ал кезде кыргыздар Барсбектин жетекчилигинде Чыгыш Түрк каганатына каршы түргөштөр, кытайлар менен биримдик түзүшкөн.

Кийинки суроо


Татарлар жана курлуктар
Түргөштөр жана кытайлар
Уйгурлар жана кытайлар

Ага-ини Адигине менен Тагайдын таарынычына эмне себеп болгон?

Адигине менен Тагай эр жеткенде экөө 20дан жигит алып, ордо атышкан. Анда Адигине тарап жеңилип, ортодо чыр чыккан. Ага таарынган Тагай элин ээрчитип Кетмен-Төбөгө, бир кабарда Тогуз-Торого кетип калган.

Кийинки суроо


Кылыч чабыш
Найза сайыш
Ордо оюну

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(20)
24.09.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
уят,унутуп калыпмын окуучу элек .67
24.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
24.09.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
24.09.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
27
24.09.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80балл 3катта болду экоо эле туура эместей болду эле
24.09.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз тарыхы ото кызыктууууу
24.09.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 дурус
24.09.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20
24.09.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл,экоонон адаштым.
25.09.2017. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ALATOOLUK.JIGIT,2 катага 87 балл берилбейт,калп айтпа,неге кобунор урдурта бересинер?
15.06.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,меники деле 87 эки катага
24.09.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100
24.09.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mers124,калп айттын
24.09.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
24.09.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34эле
25.09.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74балл. 4ката, 11 туура.
20.10.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40
23.11.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай
23.11.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүмчө тарыхты тытам деп жүрсөм бир тест менен тынчыдым го.
04.04.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: