super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-СЕНТЯБРЬ: "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролун жараткан советтик актриса Наталья Аринбасарова 71 жашка толду

 
Наталья Аринбасарова

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандары Алтынай менен Жамиляга жан берип, ошол замандагы кыргыз кызынын образын ачып берген советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова 1946-жылы 24-сентябрда Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган.

Советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарованын атасы казак, апасы поляк кызы. Үй-бүлөдө беш бир тууган. Атасы аскер кызматкери болгондуктан Түркмөнстанда балалыгын, Казакстанда өспүрүм кезин өткөргөн. Алматы шаарында хореографиялык мектепте окуп жүргөндө ал жактан Москва шаарындагы Академиялык хореография училищесине которушкан. Актриса кичинесинде балерина болууну кыялданчу, бирок тагдыр аны актрисалык кесипке байлап коёт. 1964-жылы алгачкы жолу “Биринчи мугалим” тасмасына тартылып, фильмдин режиссёру Андрей Кончаловскийге ата-энесине айтпай Фрунзе шаарында турмушка чыгат. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанып, 5 жылдан соң Егор аттуу балалуу болгондон кийин ажырашып кетишет. Актриса экинчи жолу биринчи жолдошу Андрейдин досу сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан, бирок аны менен да турмуш оту узакка жанган эмес. Экөөнүн ортосунда Екатерина аттуу кызы бар. Анын үчүнчү жолку никеси советтик жана орусиялык кинорежиссёр Эльдор Уразбаев. Ал жолдошу 2012-жылы дүйнө салган.

Кинодо 60тан ашуун роль аткарып, Советтер Союзунун жана Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамдарын алган.

Тартылган тасмалары – "Биринчи мугалим" (Алтынай), "Ташкент – нандуу шаар" (Сауле), "Жамиля" (Жамиля), "Маншук жөнүндө ыр" (Маншук Маметова), "Тандоо" (Бибигүл), "Нандын даамы" (Камшат Сатаева).
24-сентябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: