ЭЛДИК КАБАР: Кайыңдыда Ауди үлгүсүндөгү унаа атчан балдарды сүзүп кетти








"Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кайыңды айылында 23-сентябрь түнү болжол менен саат 21:30, 22:00 чамаларында Ауди үлгүсүндөгү унаа атчан эки жаш баланы сүзүп кетти", - дейт окурман.
"Балдар көк бөрүдөн келе жатышкан экен. Атынын жамбашы сынып, тура албай калды. Жабырлануучу балдарды ооруканага алып кетишти. Абалдары туруктуу экен. Унаанын номерин кийин чечип коюшту. Инициалдары эсте калбай калды бирок 1111 мамлекеттик номерлүү болчу", - деп кошумчалады ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Тема боюнча айтсам,кырсыкка кабылган адамдарга эч кыжалат болгонум жок,айдоочусунада,улакчысынада.Жолдо жамбашы сынып канга боёлуп жаткан жылкы баласына ыйлагым келди((.Атты минип башкарып бараткан дагы адам,машинаны башкарган дагы адам.Мээси жоктор..