super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзү билип үйүнүн тушуна жол дөӊсөөсүн жасап алгандарга чара көрүлсүн" дейт окурман

 

Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында жарандардын бири үйүнүн тушуна өзү билип жол дөӊсөөсүн коюп алды. Окурман бүгүн, 24-сентябрда ушундай кабар жөнөттү.

"Военно-Антоновка айылындагы Токтогул көчөсүнө асфальт төшөлгөн эмес, кадимки таштак жол. Ошол көчөнүн тургундарынын бири үйүнүн тушуна бетондон жол дөӊсөөсүн жасап алды. Былтыр бул үйдүн коӊшусу топурак менен дөӊсөө жасап, айдоочуларга ыӊгайсыздык жараткан. Анткени кышкысын дөӊсөөлөргө муз тоӊуп унаалардын түбү тийип ыза кылчу. Шаардагыдай кылып, ал дөӊсөөлөрдүн музун талкалаган эч ким жок. Быйыл эми анын коӊшусу өз алдынча дөӊсөө жасап алды. Ар ким каалаганын кылса боло береби? Көчөнүн ар бир жашоочусу үйлөрүнүн тушуна дөӊсөө жасай берсе, ал көчөдө автомобиль менен жүрүп болобу? Өз алдынча дегеним, ал жерде же мектеп, же бала бакча, же оорукана жок. Мыйзамга ылайык, дөӊсөөлөрдү туш келген жерге койбойт, ал эмес асфальт төшөлгөн көчөлөрдүн да айрым гана жерлерине коюшат. Жолду каалагандай казып, жеке кызыкчылыгы үчүн башкаларга ыӊгайсыздык жараткан үй ээсине чара көрүүнү айыл өкмөттөн талап кылам. Жол бир үйдүн менчиги эмес! Эгер айыл өкмөт чара көрбөсө жогору жакка чейин арызданууга барам", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
24.09.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол дөңсөөнү жасап туура кылат, ато айдоочулар миңге коюп айдашат, себеби азыр 80/90% айдоочулар праваларын сатып алышкан).
24.09.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
FIFA17, тээтиги жолдо 80-90 эмес, 10 менен аран жүрөсүн го ))) Асфальт жолго койсо да жарашмак, бирөөнү сүзүп кетет деп...
24.09.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жолго донсоо орнотуунун кажети жокко эсе экен, бирок шаардагы асфальт тошолгон жолдорго орнотуу да туура эмес дегенине кошула албайм. Андан коро айдоочулардын болсо болбосо машинаны катуу айдай беруусу туура эмес десен жакшы болмок
24.09.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул билдирүүну жиберген адамга чоң рахмат чара көрүү керек анткени мен билген эки үч жолду казып салышкан
24.09.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дөңсөө эмей эле жөн эле таштарды коюп коюптур,аларды алып алысыраак ыргытып жиберсеңер болот да,ага болбой эле кайра коё берсе анда органдарга кайрылыш керек
24.09.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким жиберседа айтып койгулачы жөн жүрсүн.
25.09.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alikgz, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.09.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир кочолордо асфальт жок болсо да айдоочулар катуу айдашат. Бул да балдарынын коопсуздугун ойлоп жасады болуш керек.
08.10.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да коп мындай адамдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: