super.kg logo

Салянованын сотунда жактоочусу: "Прокурорго менин айткандарым кызыксыз болуп жатыптыр, эмне бийлеп берейинби?"

 

Депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Айыпталуучунун коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзүн сүйлөп жатканда мамлекеттик айыптоочу анын сөзүн токтотуу өтүнүчүн келтирди. "Ал айыпталуучуну коргоого толук укуктуу. Бирок ал мурда айтылгандарды кайра кайталап жатат, кызыксыз болуп жатат", - деди прокурор.

Жактоочу Сыдыкова: "Сизге кызыксыз болуп жатса шоу уюштуруп бийлеп берейинби. Мен бул жерге сизге кызыктуу болуш үчүн эмес, айыпталуучуну коргоо үчүн келдим", - деди Сыдыкова.

Сот прокурорлордун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү күн тартибинде жарыш сөзгө чыгуу пландалган.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.09.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийлесе бийлебейби, мумкун актап жиберет.
25.09.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Прокурорго кызыктуу жомок айтып берсен болмок жомокту угуп олтуруп уктап кетип мумкун Салянаваны актап жиберер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: