Ооган согушуна катышкан 2 кеңешчиге 6 миӊ сомдон жөлөк пул төлөнүп баштайт
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Ооган согушундагы кеңешчилерге жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.
Мыйзам долбоордун демилгечиси Кожобек Рыспаев билдиргендей, Ооганстандын аймагындагы согушка кеңешчи катары катышкан жарандар социалдык кепилдиктерди ала албай келишет. Ал үчүн “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин айтты. Ал Ооган согушунун убагында (1979-1989-жылдары) Кыргыз ССРинен 4 кеңешчи жиберилгенин билдирди. Анын айтымында, учурда алардын экөөсү гана калган. Аларга жөлөк пул төлөө үчүн республикалык бюджеттен жылына 144 миң сом керектеле турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

