Орусиянын Кемерово аймагында Кыргыз жарандары автокырсыкка учурады
Орусиянын Кемерово облусунда Кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы болду. 26-сентябрда Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдиргендей, окуя 25-сентябрда аталган райондогу трассалардын биринде орун алып, 38 жаштагы жүргүнчү аял каза тапкан.
Березовский шаарындагы Борбордук клиникалык оорукананын дарыгеринин маалыматы боюнча, кырсыкта айдоочу жана 6 жүргүнчү жаракат алып, Кемерово шаарындагы №2-мамлекеттик клиникалык ооруканага жана Березовский шаарындагы Борбордук шаардык ооруканага жеткирилген. Каза тапкан жарандын жакындарына кабар берилгени айтылат маалыматта.
Элчилик окуяны көзөмөлгө алганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Москвадагы Кыргызстандын Элчилигинин дареги жана телефондору:
Дарек: 119017, Москва ш., Большая Ордынка кѳчѳсү, 64-үй.
Тел.: +7 (499) 237-48-82
Тел.: +7 (499) 237-46-01
Факс.: +7 (495) 951-60-62
e-mail: info@kyrgyzembassy.ru