Таласта 7-класстын окуучусу төрөдү. Ымыркайдын атасына кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө
Талас облусунда жетинчи класстын окуучусу көз жарды. Ал төрөт үйүнөн чыгарылып, азыркы тапта өз энесинин үйүндө. Бул тууралуу 26-сентябрда SUPER.KG'ге акыйкатчынын облустагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева кабарлады. Анын айтымында, кыз балага турмушка чыгып, экөө бирге жашап жүрүшкөн.
"Бир жума мурун облустук прокуратурадан окуучу кыздын көз жарганы тууралуу маалымат берилген. Ал кыз уул төрөп, азыр өз апасынын үйүндө. Ал жолдошу менен буга чейин жашап жүрүшкөн экен", - деди Узакбаева.
Эскерте кетсек, "14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды" деген негизде анын 18 жаштагы жолдошуна кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан.
Айрым маалыматтарга караганда, кыз менен бала 2016-жылдын декабрь айында жыныстык катнашта болушкан. Муну кыздын ата-энеси билип калгандан кийин экөө үйлөнүшкөн.



Азыркы мектептин формасы эле канча нерсени айтат. Эңкейсе турсасы көрүнөт кыздардын. Балдардын шымдарына сөз жок, шыйрактарын чыгарып чып жармашканын кийип.
Кандай заманга кетип жатабыз билбейм. Узун жабык кийинсе арабизация дейт. Европеизация кыргыздарды бузуп жатканы менен иши жок.
Балаганын болсо 18жаш көзү бозоруп турган мезгили да.
Бактылуу болушсун эми!
Эми [moderated]ка чыгарбагыла башка элдерге уят
Упуп энелерге окшоп тороп таштап жк олтуруп туалетага таштабай