super.kg logo

Бали аралында вулкандын айынан эвакуацияланган адамдардын саны 57 миңден ашты

 

Бали аралында вулкандын айынан эвакуацияланган адамдардын саны 57 миңден ашты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундарга матрас, төшөк, газдан коргоочу маскалар таратылууда. Ошондой эле вулкандын айынан майда жер титирөөлөр болуп жатат.

"Агунг вулканынын кооптуулугу 22-сентябрь күнү максималдуу чекке жеткен. Мындан улам 12 чакырымга чейинки аймакка кирүүгө тыюу салынган. Бирок айрым мал кайтарып жүргөн тургундар өтүп кетип жатышат", - деп айтылат аталган агенттиктин маалыматында.

Буга чейин Индонезия бийлиги тоого жакын аймактарда жашаган 35 миң адамды эвакуациялаган болчу.

Агунг вулканы Бали аралындагы тоодо жайгашкан. Бийиктиги 3142 метрге жетет. Туристтик райондон 70 чакырым алыстыкта орун алган. Туристтер жашап турган аймактар коопсуз деп саналууда. Бали аралындагы "Денпасар" эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп жатат. Акыркы жолу вулкан 1963-жылы атылган. Анда миңден ашуун адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: