super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар өкмөт “Мегакомду” сатууда шашып жатканын айтышты

 

Бүгүн, 27-сентябрда парламент депутаттары “Мегакомду” Орусиянын жараны Елена Нагорнаяга сатууда өкмөт шашып жатканын айтышты.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков "Мегаком" Апрель окуясынан кийин каргашалуу тармакка айланганын айтты. "Бул боюнча канча кылмыш иши козголду, канча киши соттолду. Болсунбек Казаков кызматка келгенде эмне үчүн компанияны сатам деп кеп кылган", - деп сурады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бактыбек Мураталиев улутташтырылган объекттерди сатып алууга кардар табылышы кыйын. Мураталиев Елена Нагорная менен милдеттемелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков компанияны сатып алам деген Нагорная тууралуу маалыматтар бар же жогун сурады.

Мураталиевдин айтымында, учурда изилдөөлөр жүрүп жатат.

Аталган фракциядан депутат Ирина Карамушкина өкмөт "Мегакомду" сатууда шашып жатканын кошумчалады.

Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары “Мегакомду” сатуу боюнча маалымат берип жатат. Анын айтымында, компанияны сатып алуу үчүн Орусиянын жараны Елена Нагорная арыз берген.

Эске салсак, 18-августта "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү чечими кабыл алынган. Аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков “Мегаком” 13 миллиард 500 миллион сомдон төмөн эмес баага сатыла турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: