Райкан Төлөгөновдун соту жактоочусунун келбей калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Мекемеден маалымдашкандай, отурумдун жылдырылуусуна жактоочунун жеке жумуштары чыгып сотко келе албастыгы себеп болгон.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.