super.kg logo

Ысык-Көлдө башына дөңгөлөк кийгизилип өрттөлгөн адамдын ким экендиги аныкталды

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында табылган жансыз дененин өздүгү аныкталды. Аны башына дөңгөлөк кийгизилип белден жогору бөлүгү өрттөлүп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн абалда көлмөнүн жээгинен 21-сентябрда табышкан. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, кечээ, 26-сентябрда Чырак айылындагы көлмөнүн жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын өздүк булактар кабарлашкан. Окуя тууралуу жеке булактар бүгүн төмөнкүдөй маалымат беришти:

"Каза тапкан адам Чырак айылынын аймагынан табылганы менен Аң-Өстөн айылынын тургуну болуп чыкты. Ал такси кызматын көрсөтүп иштечү. Ал 21-сентябрь күнү уулуна "балам, мен шашылыш Алматыга кеттим, үйдү барып бекитип кой. Бир айдан кийин келем" деген смс билдирүү жазган экен. Мындан улам аны издеген киши болгон эмес. Ал күнү Дубайда иштеген кызы чалып, 2000 доллар акча салганын айтыптыр. Ошондон кийин анын жансыз денеси табылган", - деп билдиришти.

Каза тапкан К.И. аттуу жаран 1967-жылы туулган. Аны таанууга барган туугандары жана баласы кийип турган кийиминен жана бутундагы тактан улам таанышкан. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун милиция кызматынан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
27.09.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ото ото аянычтуу. Кармалышса аябай эле 20 25:жылды бергилечи.
27.09.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай гана мыкаачы адамдар э тооба оздоруну ошондой кылып тируулой орттоп салыш керек акмактарды азыр машине менен такси кылганга же таксиге тушконгода коркосун.
27.09.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кызынын акча салганын, аны атасы алганын билген жакын эле тааныштарынын колунан келген арам иш окшойт.
Жаткан жери жайлуу болсун!
27.09.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чет мамлекеттен акча алып жатканда эч кимге айтпай алып жургуло,менин агам да акча алганы барып ур-токмокко калып акчасыз кайткан,акчасы курусун бетин тиктиртип,дарыланып бир айча тошокто жаткан,себеби досторуна айтып койгон кайда бара жатканын,бир да доско ишенбей жан адамга айтпай журуш керек акчанды,байлыгынды,башкасын...
Маркумдун шейит болуптур,жайы жаннатта болсун,жакындарына сабыр тилейм...
28.09.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жырткыч болуп баратабыз
28.09.2017. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобооо кылдым Кудай сактай кор адам баласы жырткычтанда жаман болуп кеттикго. Кудай озун ыман бере кор
28.09.2017. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким орттосо ошол адамдын уйу орттолсун баари бир кудай корсотот.
28.09.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жырткычтардын кылбаганы ушул эле калды эле.
28.09.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булоосуно терен кайгыруу менен конул айтабыз.КАнкорлор жер устундо журбосо экен.
28.09.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2миң$ үчүн бир адамдын өмүрү кыйылдыбы ошондо?
Ээ адамдар,
адамдар !!!
Жырткычтар деле мындай мыкаачылык жолго барышпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: