super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова: “БШК Зилалиевге катуу чара көрсө башка мамлекеттик кызматкерлер сестенип калышмак”

 

“Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге катуу чара көрсө башка мамлекеттик кызматкерлер сестенип калышмак”, - деп билдирди бүгүн, 28-сентябрда “Таза шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын маалымат жыйынында укук коргоочу Рита Карасартова.

Анын айтымында, БШК өзүнүн укугун гана билип жоопкерчилигин сезбей жатат.

“БШК саясий буйрукту аткарган, анча-мынча бийлик тарабынан кетирилген мүчүлүштүктөргө көз жумган. Майда мүчүлүштүктөрдү айтып койгон органга айланып жатат. Бул жаман көрүнүш”, - деди ал.

Президенттикке талапкерлер телеканалдардан дебатка чыгып башташканын айтып, журналисттерди саясий деңгээлди көтөрүүгө чакырды. “Кечээ дебатты көрүп отурсам бир талапкерге “бир күнүңүздү кандай өткөрөсүз” деп элден келген суроону чыгарышты. ММК өкүлдөрү саясий деңгээлди өзгөртсө... Бул эмне деген суроо? Президенттик шайлоо 6 жылда бир келе турган күн. 2 аптадан кийин кандай президент келе турганын ойлонсок”, - дейт Карасартова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: