super.kg logo

35 миллион долларга тартылган "Оно" тасмасы 1 айга жетпеген убакыт ичинде 500 миллион доллар топтоду

 

"Оно" тасмасы көрүүчүлөрдөн 500 миллион доллар топтоп, дүйнөдөгү тасмалардын ичинен эң көп көрүлүп жаткан фильм катары рекорд коюуда. Аталган тасманын бет ачары ушул жылдын 8-сентябрында өткөн. 1 айга жетпеген убакыт аралыгында ага кызыккандардын саны көбөйүп, сатуудан түшкөн каражаттын жарым миллиард долларга жеткендиги - үрөй учурган фильм үчүн чоң жетишкендик деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Америкалык жазуучу Стивен Кингдин "Оно" романынын негизинде тартылган бул тасма тапкан кирешесинин суммасы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда келе жатат. Кичинекей балдарды коркутуп, кысымга алган маскарапоз тууралуу фильм 44 жыл мурун жарык көргөн "Изгоняющий дьявола" тасмасын артта калтырды.

Warner Brothers компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн директору Сью Кролл: "Көп каражат топтогондон сырткары тасманын режиссёру жана актёрлору ар бир көрүүчүнү ойлонто жана ойгото алышты. Бул эң негизгиси", - деп билдирген.

Тасманын 2-бөлүгү 2019-жылдын сентябрь айында жарык көрөт. Анда биринчи бөлүктө тартылган каармандар 27 жылдан кийин жолугуп, ошонун айланасында окуя уланат. Канадада тартылган "Оно" тасмасына Андрес Мускетти режиссёрлук кылып, 35 миллион доллар каражат жумшалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
29.09.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Режиссерго жана жалпы эмгек жамаатына жаны дем,куч бериптир да кылган эмгектери акталып
29.09.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин фильмдерда актайбы? Озу канча чыгым канча кирешеси бар биз фильмдерде
30.09.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3 кун мурун коргон болчумун, чын эле аябай коркунучтуу экен. Ролдорду жаш балдар аткарган болсо да аябай жашы чыгыптыр. Айрыкча мени коркутканы мазкарапоздун тиши, кулгондо алдындагы эки тиши эле адамдын уройун учурат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: