super.kg logo

ТЕСТ: Булбул сайрайт, короз кыйкырат, бүркүт...?

 

4-октябрь - Жаныбарларды коргоонун эл аралык күнү. Кыргызда Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны жылдан жылга суюлуп баратканын айтып адистер коңгуроо кагышууда. Үй жана жапайы айбанаттар тууралуу канчалык билесиз. Көптү билсеңиз да, азды билсеңиз да, бул тест сизге пайдалуу болору шексиз...






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Сүрөттөгү ит кайсы породада?

Сүрөттөгү иттин породасы - алабай. Борбор Азия аймагындагы иттердин байыркы породасы. Чабандар мал кайтарууга, күзөт кызматтары тарабынан кеңири колдонулат.

Кийинки суроо


Сенбернар
Америка бульдогу
Алабай

Статистика: Кыргыз жерин учурда канча илбирс байырлайт?

Расмий маалыматтарга таянсак, азыркы тапта Кыргыз жерин байырлаган 300дөй илбирс бар. Илбирстин саны жылдан-жылга азайып жатканы маалымдалып, аларды аткандарга жазаны катуулатуу сунуштары да айтылып жүрөт.

Кийинки суроо


600дөй
300дөй
900дөй

Сүрөттөгү кайсы жаныбар?

Сүрөттө каман (доңуз), чочконун жапайысы. Кыргыз жеринде кеңири жайылган жапайы жаныбар.

Кийинки суроо


Каман (доӊуз)
Кашкулак
Сүлөөсүн

Койдун аталышы: Ирик деген эмне?

Ирик - бычылган, 1 жаштан өткөн эркек козу. Ал эми бычылбаган, тукумдукка багыла турган эркек кой кочкор болот.

Кийинки суроо


Койдун көлөмдүү породасы
Кызыр калган кой
Бычылган, 1 жаштан өткөн эркек козу

"Манаста" 3 тулпар бир бээден туулганы айтылат. Манастын күлүгү Аккула, Коӊурбайдын күлүгү - Алгара, Жолойдун күлүгү - ...

Эпосто 3 аргымак бир бээден туулганы айтылат. Алар: Манастын күлүгү Аккула, Коңурбайдын күлүгү Алгара жана Жолойдун күлүгү Ачбуудан. Эпосто булардын эң мыктысы Аккула экени да белгиленет.

Кийинки суроо


Жел жетпес
Ачбуудан
Тайтору

Өлкөдө жапайы жаныбарларды атууга 2030-жылга чейин биротоло тыюу салган мыйзамды ким сунуштаганы эсиӊиздеби?

Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев өлкөдө жапайы жаныбарларды атууга 2030-жылга чейин биротоло тыюу салган мыйзам долбоорун сунушташкан. Бирок өкмөт каршы экенин билдирип, долбоор колдоо таппай калган.

Кийинки суроо


Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев
Депутаттар Жанар Акаев жана Эмил Токтошев
Коомдук ишмер Эдил Байсалов

Эки жашар жылкынын аталышы кандай?

Жаңы туулган жылкы баласы кулун, 1 жашка чыкканы тай, 2 жаштагысы кунан болот. Андан кийин бышты, асый деп аталат.

Кийинки суроо


Тай
Жабагы
Кунан

2016-жылы SUPER.KG'нин көмөгү менен кандай жапайы жаныбар куткарылып калган?

2016-жылы Кочкор районундагы Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар мадыл кармап алышкан. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына кабарлаган соң НАБУ - Германиянын табиятты коргоо уюмунун Кыргыздагы филиалы мадылды Бишкекке алып келип, кароодон өткөрүшкөн. Алгач абалы начар жандык бара-бара өзүнө келип, кийин кайра табият коюнуна коё берилген.

Кийинки суроо


Мадыл
Чаарчык
Сүлөөсүн

Төө канча жылда бир төлдөйт?

Төө эки жылда бир төлдөйт. Төөнүн баласы тайлак же бото деп аталат. Төө кээде гана эгиз тууганы болбосо, негизинен, эки жылда бир жолу жалгыз бото тууйт.

Кийинки суроо


Жылына бир жолу
Эки жылда бир жолу
Үч жылда бир жолу

Кыргыз жеринде ак илбирсти аткандар кантип жазаланат?

2013-жылы Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга айып пулдун көлөмү жогорулаган. Мисалы, күрөң аюу, марал, жейрен жана аркарды мыйзамсыз аткандар 400 миң сом, кундузду аткандар 200 миң сом, мадыл, сүлөөсүн үчүн 25 миң сом, суусарды аткандар 5 миң сом айып төлөйт. Ал эми ак илбирсти аткандар 500 миң сом айып төлөөгө милдеттүү.

Кийинки суроо


5 жылга камалат
Аңчылык кылуусуна биротоло тыюу салынат
500 миӊ сом айып салынат

Жаратылышка, жан-жаныбарга аяр мамиле кылууга үндөгөн кыргыз эпосу...

"Кожожаш" эпосу. Эпосто кайберен тукумун аёосуз кырганы үчүн Кожожаш мерген акырында сур эчкинин каргышы менен аскадан түшө албай калат. Эпос адамзатты табиятка аяр мамиле кылууга үндөйт.

Кийинки суроо


"Курманбек"
"Кедейкан"
"Кожожаш"

Кыргыз мамлекетинде жалпы канча корук бар?

Кыргыз жеринде жалпы 83 корук бар. Булардын ичинен 10 корук мамлекеттик корук. 10 мамлекеттик жаратылыш паркы. 10 токой, 23 ботаникалык жана башка коруктар.

Кийинки суроо


75
83
94

Кызыл китеп: Кыргыз жерин байырлаган бул жандыктын аты...

Эчки эмер. Баткен районундагы Таян айылында сейрек кездешүүчү боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, 2 миң сомго сатылып жатканы интернетке жарыяланган. Териштирүү маалында жандык Өзбекстандын аймагынан табылган.

Кийинки суроо


Күрөӊ саламандра
Боз кескелдирик
Эчки эмер

Сүрөттөгү адамдар 2016-жылы "мыйзамсыз кийик атышты" деп күнөөлөнүшкөн. Кандай жазага тартылышты?

Кийик атып, аны менен сүрөткө түшкөн Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев кызматынан ылдыйлатылган. Ал эми кийик атып, алар менен сүрөткө түшкөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери Искендер Жолдошовго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал эч кандай жоопко тартылбай турганы айтылган.

Кийинки суроо


Бирөөсү кызматынан төмөндөтүлдү
Экөө теӊ иштен айдалды
Экөө теӊ 3 жылга эркинен ажыратылышты

Булбул сайрайт, короз кыйкырат, бүркүтчү?

Бүркүт шаңшыйт.

Кийинки суроо


Таӊшыйт
Шаӊшыйт
Ышкырат

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(34)
04.10.2017. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
100%билем дегендер эки жолу тестен откондор
04.10.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл. 2,6,15 суроолорго жооп ката
Tyty1990 түзөттү 2017-10-04 09:06:18
04.10.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
04.10.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60)))
04.10.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
67
04.10.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87
04.10.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уч суроого туура эмес жооп берипмин
04.10.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
04.10.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 балл ммм
04.10.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жуз пайыз билет экем
04.10.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25
04.10.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
74
04.10.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят эле болдумго 47%
04.10.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл
04.10.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74%
04.10.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
04.10.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74ball
04.10.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
04.10.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
04.10.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60балл
04.10.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
04.10.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен айтпайле койойун
05.10.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-синде 60, 2-синде 100.
05.10.2017. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 упай. 2чи менен 6чы суроолор туура эмес болуп калды
05.10.2017. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
107 бал
11.10.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 11туура
жакшыле
12.10.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
18.10.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз үчөөлөп жатып 54ү тааааптыыыык
23.11.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай алдым.
02.04.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87Ап-бали! Жаныбарларды сиздей сүйүш керек!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: