super.kg logo

Ырчы Кызсайкал үлпөт тоюнда өзгөчө стилдеги көйнөк кийип чыкты. Жаш жубайларга Ильяз Абдыразаков менен жубайы өкүл ата, өкүл апа болушту (фото)

 

Белгилүү куудул, машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин көкүрөк күчүгү, ырчы Кызсайкал Бөрүбаева кечээ, 28-сентябрда үлпөт көйнөгүн кийди. Жолдошу Эрнис Айдаралиев экөө никесин мыйзамдаштырып, үйлөнүү тоюн белгилешти.

Көңүлдү көтөргөн кызыктуу оюн-шаңга бай үлпөт той борбор калаадагы ресторандардын биринде орун алып, эстрада ырчысы Назми "Жар-жар" ырынын коштоосунда эки жашты эл алдына алып келүүсү менен башталды.

Турмуштагы түрдүү кырдаалда ар дайым туура жол көрсөтүп, жардамын аябоого даяр экендигин билдирген ырчы Ильяз Абдыразаков жана жубайы Медина өкүл ата, өкүл апа катары чакырылган.

Ырчы Мажиттин аткаруусундагы ыр карындашы Кызсайкалды ыйлатып келген меймандарды ойго салды. Турмушка чыккандан кийин дин жолуна түшкөн ырчы өзгөчө стилдеги көйнөктү тандаган.

Тойго кадырлуу мейман катары келген белгилүү куудулдар Күмөндөр Абылов, Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев, ырчылар Расул Маматкулов, Алтынай Нарбаева, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Анжелика жана башка маданият ишмерлери жаш түгөйлөргө каалоо-тилектерин айтып, ыр белектерин тартуулашты.

Мындан сырткары ошол эле күнү Түркмөнстандын Ашхабад шаарынан кайтып келген Кабыл Бөрүбаев машыктырган күрөш боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарынын чемпиондору, белгилүү бильярдчы Каныбек Сагынбаев келип баш кошкон жубайларды куттукташты.

Эске салсак, Эрнис менен Кызсайкал ушул жылдын июль айында баш кошушкан. Турмушка чыккан соң ырчы чыгармачылыгын токтоторун айткан.






Турмушка чыккан Кызсайкал Кабылова: “10го чейин деле уктай берем“

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(38)
29.09.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактылуу болгула!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: