super.kg logo

Омар Казакстанда өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышууда

 
Омар
Сынактын катышуучулары жана калыстар тобу
Калыстар тобу
Алексей Сидоров, Миргүл Эсеналиева, Гүлнур Сатылганова жана Омар

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан ырчы Омар катышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева бүгүн, 1-октябрда маалымдады.

"Бул сынак 9 мамлекеттин белгилүү ырчыларынын ортосундагы таймаш. Омарга аталган долбоорго катышуу сунушу сынактын продюсери Динара Адам жана биздин өлкөдөгү белгилүү продюсер Алексей Сидоров тарабынан түшкөн. Жалпысынан 12 этаптан турган сынактын 4 туру жыйынтыкталды. Азырынча жалпы добуштар боюнча Омар алдынкы саптарда. Сынакка катышкан өлкөлөрдүн ар биринен калыстар тобуна мүчө катары бирден өкүл келген. Бирок алардын өз мамлекетине добуш берүүгө укугу жок. Кыргыз жеринин атынан калыстыкты Гүлнур Сатылганова аркалап жатат", - деди ал.

Белгилүү болгондой, сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулат. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышат. Ал эми казактын атынан ырчы Айкын Төлөпберген катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.10.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ийгилик.
Жеңилип калам деп эч кыжалат болбой катыша бер. Эл шайлоо менен болуп маани бербейт деле))
02.10.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
General.kg,боорду гана эзесинер
01.10.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!Ырчылардан Омарды гана жакшы көрөм)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: