super.kg logo

Актёр Жим Керринин мурунку сүйүктүүсү Катриона Уайттын өз жанын кыйганга чейин жазган делген каты жарыяланды

 

Атактуу канадалык актёр жана куудул Жим Керринин мурунку сүйүктүүсү Катриона Уайт өзүн-өзү өлтүргөнгө чейин, тагыраагы 2013-жылы жазып калтырган делген кат АКШдагы "New York Daily News" гезитинин ишемби күнү жарык көргөн санына жарыяланды.

Маалыматка караганда, катта Уайт өзүн баңгизатына кызыктырганы жана ар дайым басынтканы үчүн Керрини жемелеп, "ал мени кокаинге кызыктырган" деп күнөөлөгөн. Бирок гезит катты чын эле Уайт өзү жазгандыгы тууралуу тастыктама жок экендигин жазган. Кат кыздын апасы Брижит Свитмэн жана жолдошу Марк Бертон тарабынан таратылууда. Алар Жим Керрини кызын баңгиликке кызыктырып, ага жыныстык катнаш аркылуу жуга турган оорунун эки түрүн жуктурган деп айыпташууда. Мунун негизинде кызы Уайттын тагдырынын талкаланышына актёр күнөөлүү деген пикирде.

Ошондой эле Свитмэн кызы каза болгондо Керринин жоопко тартылуусун талап кылып сотко кайрылган. Ал эми Керри тескерисинче, аны сотко берип "кызы каза болгон соң менден компенсация талап кылган" деп айыптаган.

Белгилей кетсек, Керри менен Уайт 2012-жылы таанышып, 3 жыл сүйлөшүп жүргөн соң 2015-жылы эки башка жолду тандашкан. Кыз ошол эле жылдын сентябрь айында Лос-Анжелестеги батиринен өз жанын кыйып салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: