super.kg logo

Депутат Канат Исаевди УКМК камакка алганы үчүн мурунку соттук иши боюнча отуруму жылдырылды

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 2-октябрда өтө турган Канат Исаевдин соттук отуруму жылдырылды. Соттук отурумдун төрагасы Абдуразак Боромбаев отурумдун башында жактоочу Бакыт Осмоналиевден процессти жылдыруу өтүнүчү жазылган арыз келип түшкөнүн айтты. Ошондой эле бул процесс 9-октябрь күнү саат 9:30да уланары белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү беренелери боюнча шектелип, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде 30-сентябрь күнү кармалган. Кечээ, 1-октябрда депутат 48 саатка камакка алынган болчу.

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин депутат Канат Исаевге Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Очередь буга келдиби?
02.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, эми жаны сериал башталды.
02.10.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каша башталыптыр дагы
02.10.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеолордо анык корунуп турат го.Дагы кызы актанып чыгыптыр.Камалсын мындай элдин канын бир тыйынга койбогон акчасына таянган оз кызыкчылы учун баарына даяр бузукулар.Биз карапайым элге тынчтык гана керек.Буларга бийлик байлык керек болсо.
02.10.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштагыдан башы чон болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: