super.kg logo

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту кайрадан жылдырылды

 

Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту жылдырылды. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 2-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, сот 11-октябрда саат 14:00дө өтмөй болду. Ал билдиргендей, анын жактоочусу Чынара Жакупбекова "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна катышып жатат.

Алмамбет Шыкмаматовдун соту бүгүн саат 14:00дө өтмөк. Анда мамлекеттик айыптоочулар камсыздаган күбөлөр көрсөтмө беришмек.

Айта кетсек, УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: