super.kg logo

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жер тамда жашаган үй-бүлө: "Алты балабыз бар. Үй суук, отун-суу ала албай карызга баттык"

 
Гүлжан Кайкыеванын үй-бүлөсү жашаган үй
Каарманыбыз балдары менен
Гүлжан Кайкыеванын үйүнүн арткы көрүнүшү
Сыртта калган үй буюмдары жана кийимдери

Бишкектин Ак-Ордо конушунда бир бөлмөлүү жер тамда жашаган 6 балалуу үй-бүлө жардамга муктаж. Балдардын энеси Гүлжан Кайкыева оор шартта жашап, суук бөлмөдө күн кечирип жатышканын бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG'ге айтып берди.

"Шаарга келгенибизге 4 жылдай болду. Жаңы келгенде батирден батирге көчүп жашадык. Жолдошум курулуш тармагында иштеп жүргөндө, тааныш эжеден узартылган мөөнөткө 130 миң сомго 4 сотых жер участок сатып алдык. Бирок акчасы төлөнө элек. Кыш жакындаган сайын тынчыбыз кетип, жолдошум иштеген жеринен курулуш материал сурап, ылайдан бир бөлмөлүү времянка тургуздук. Ичи-тышы шыбалбаган муздак үйдө балдарым менен жашап жүрүп, жакында бөлмөнүн ичин шыбап, актап алдык. Ошентсе да үй суук. Каражаттын жоктугунан көмүр, отун-суу ала элекпиз. Учурда курулуштан калган калдыктарды жагып, үй жылытып жатабыз", - деп билдирди Кайкыева.

Гүлжан Кайкыева 36 жашта. Жолдошу Нурбек Нурбадча уулу менен 10 жылдан ашуун чогуу жашап, 2 уул 4 кыздуу болушкан. Учурда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда толук бүтө элек жер тамда жашашат. Бүгүнкү күндө каарманыбыз 7-наристесин күтүп жаткан чагы. Кош бойлуу экенине 5 айдын жүзү болуп калса да дарыгердин көзөмөлүнөн өтө элек. Ал тургай каттоого да тура элек.

"Балдарымдын улуусу 9 жашта. Кенжеси 1 жашка толду. Азырынча кичүү балабызга каражаттын жоктугунан туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элекпиз. Ошол эле учурда Бишкекке көчүп келгенден бери жөлөк пул албай калдык. Анткени эч жерге каттоого турган эмеспиз. Биздин көчөдө жашаган кошуналарыбыз 25 миң сомдон чогултуп электр жарыгын турукташтырууга трансформатор сатып алышкан. Ал акчаны да бере албай жатабыз. Абалыбызды көрүп-билгендер май, азык-түлүк, ундан жардам берип жатышат. Бөлмөбүз тар болгондуктан үй буюмдарыбыз жана кийимдерибиз эшиктин алдында үйүлүп жатат, үстүн эптеп жаап койгонбуз. Бир туугандарыбыз жардам берчүдөй эмес. Анткени алардын жашоосу деле биздикиндей", - деп кошумчалады каарманыбыз.






7-наристесин күтүп жаткан эне: "Үй суук, отун-суу ала албай карызга баттык"

Автор: Айтолкун Анапия кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(39)
04.10.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кой урушпагыла эми эжекебизди. Балдарды кудай берип жатат да. Колдон келишинче жардам берели туугандар.
04.10.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Балдарда эмне куноо? Алланын бергени. Депутаттар же президенттике тлапкерлер жардам берип койсо оздоруно эле жакшы болмок. Сооп да болмок и реклама да болмок бир чети.
04.10.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бир жакшына эле үйү бар турбайбы. Жакшына эле жашайт экен го. Кыргызстанда ушундай жашоо учурдун талабы да.
04.10.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TRAMPAM,:ЖАКШЫНАныз эмне, Тушунбодум???*??*?????**?
04.10.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aidartegin,туура айткансыз тууганым кыргыз тилин бурмалабай туура колдонсок анан айтып койсок туура кабыл алгандын ордуна -басып жатып калышат
04.10.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бишкеке 4 жылда келип жер алып үй салса кыйын эле адамдар экен. Кээ бирөөбүз 10-15 жыл болсо да квартиралап жүрөбүзго.
04.10.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Свет коп очкон жерде жашагандардын балдары коп болот
04.10.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
TRAMPAM,Кудайым берсе бала болот бербесе эмне кылсан да балалуу боло албайсын суйлойт десе суйлой бересинби
04.10.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер Атамбаев, Жээнбеков, Бабанов сыяктуу жепжутарлар болбогондо жашообуз бир топ дурус болмок...


Эл Союз убагында мынчалык оор шартта согуш жылдары эле жашабаса, адамдар мынчалык кор болуп жашабады эле... Эми эле капиталисттик шартта олигархтар байып, эл жакырлангандан жакырланып, копчулугу тентип кетти тышка, олкодо калгандардын абалы, жашоосу бул, кечке иштеп тапканын кара курсакка аран жетет...
04.10.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тим эле асыла бербей жардам бергин келсе ун катбай эле жардам бер.Ары чукулап бери чукулабай.Ден соолугу чын экен тороп атат.Келечекте ошолордон кайтсын.
04.10.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кичине алына материалдык абалына жараша торосо болмок. Орусияда болсо би жон мамлекеттен жакшы эле жардам алат эле анан крда болбойт но уй жайын болбосо
04.10.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоосу аракет кылса болмок
04.10.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарды кудай Берип атса торобой коймок беле ойлонуп суйлогуло туугандар.
04.10.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
afina66, кечкеле туну мн ишти кыла берсе болот да)) эми ушундай шартта чонойгон балдардын психикасы кандай абалда болот. Берет экен деп эле заводду жургузо берген деле окшошпойт
04.10.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күйөөсү түнү эле иштей бербей,күндүзү да иштесе балдар менен тең бүтүп калмак экен үйлөрү.Эми эмне кылабыз жардам берсек болот бекен же жөн эле соңку кабарбы.
04.10.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайга шугур де тооба дегиле балдарын аман эсен жесир эмессин ункурда болсо уйун бар экен. Мен он жылдан бери журом аракет кылып даже участогум жок квартиралап журом менин квартирама уйунду алмаштырасынбы?
04.10.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазга чейин квартиранды толоп отун суунду алып берем
04.10.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кембагалдын эккени эмес ...... дегендей жетинчиси ичимде дебей балдардын келечегин дагы ойлонуш керек да.Аларды окутуш эл гийгенден гийдириш эл жегенден жедириш керек да.Жылдын башында бирди аяагында бирди кудай берип жатат деп торой бербей.
04.10.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эжеке аман эсен коз жарып алыныз.Жашоодо бирде бар болот бирде жок болот.кайгырбаныз кудай буйруса уул кыздарыныз сизди бактылуу кылат.Ар бир наристе оз ырыскысы менен торолот.канчалык балдарыныз коп болсо ошончолук даражаныз жогору болот.сиздикиндей чырактай балдарга жетпей жургондор канча?Бала бакыт бала периште...аман болунуздар кудайым буйруса сиз ойлогон кундор дагы келээр.
04.10.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
коп балалуу болуудан корккондон корокчо такыр болбой калуудан корккулачы.мышык майга жетпей сасык дегендей болуп атасынарго
04.10.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сабырдын тубу сары алтын эжеке азыр сизге сынтаккан душмандар коп болуп турган кезидир балдарыныз бой жеткенделе туура эмес кылышкандарын тушунушоор.менин апам деле жетообузду канаттууга кактырбай тумшуктууга чокутпай баккан.бул жашоо ушунусу менен кызыкда.
04.10.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардам берчүлөргө Гүлжан Кайкыеванын байланыш номурун калтырабыз 0703547168
04.10.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйдүн кожоюну, кожейкеси да жалкоо
экен. Эмесе кантип ошол тамды кожоюн жердеги ылай менен тегиздеп шыбай албайбы? Кожейке тамдын ар тарабындагы чачылып жаткан буюмдарды иреттей албайбы? Балдарына ден-соолук, үй-бүлөсүнө бакыт тилейм. (Жеке оюм)
05.10.2017. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынеле ылайменен саманды аралаштырып шыбап жыртык тешигин бүтөп үйүнүн айланасын жыйнаштырыпкойгонго акчаделе кетпейтко
05.10.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Держитесь буйруса бул кундор да отуп кетет
05.10.2017. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч жылда участок алып времянка тургузуп ийсенер кыйын эле окшойсунар. Бираз жыйынтыктуу болсонор эле балбаалабай, уйду шыбап койсонор жашоонор зынк эле болуп калат.
05.10.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келечектеги ажолорго кайрылбадыңарбы,мүмкүнчүлүк бар 15октябрга чейин.
05.10.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтоону эптей албай жетинчисин кантет. Сактануу дегенди билбейтго бул өзү. Кесир кылбайын берген да кудай дечи, бирок ошого жараша табуусу болсо
Медиа-портал
05.10.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чакан уйу болсода аябай тыкан экен.Жагымдуу сабырдуу айым WhatsApp номери болсо жакшы болмок экен байланышканга.
Медиа-портал
06.10.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
padysha,кайдагы ватсапп
Медиа-портал
06.10.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугада мамлекет күнөөлүү дейтта эми. Баланы пландап жатканда ойлонотта бага алабызбы деп, 10 мүнөттүк кумарга жыргап калбай.
SUPER.KG видео
06.10.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар ! Азыр Мекенчил,"Кыргыз"деп куйгон инсанды татыктуу, шайлаап албасак. Бул кейиптен аарылбайбыз. Озунор коруп турасынар,бироосуу Элге келген. Акчага чон соода борбор куруп алса.Бири Кыргыздын жарандык куболугундо "Кыргыз" корсотулбогону жакшы дейт.
SUPER.KG видео
06.10.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар жардам берип койолу! Кимдин мумкунчулугу жетсе. Кыргыздарда барган сайын, мээрездик сапат кучоп барат. Кыргыздын саны остургон Ата энелерге!
Медиа-портал
08.10.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы иштегендер эмне кылып отурат ушундайларга жардам бербей!
SUPER.KG видео
11.10.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baldardi kantip bagam dep oiloboisunbu toroi berbei jatip alip,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: