Бишкектин Ак-Ордо конушунда жер тамда жашаган үй-бүлө: "Алты балабыз бар. Үй суук, отун-суу ала албай карызга баттык"













Бишкектин Ак-Ордо конушунда бир бөлмөлүү жер тамда жашаган 6 балалуу үй-бүлө жардамга муктаж. Балдардын энеси Гүлжан Кайкыева оор шартта жашап, суук бөлмөдө күн кечирип жатышканын бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG'ге айтып берди.
"Шаарга келгенибизге 4 жылдай болду. Жаңы келгенде батирден батирге көчүп жашадык. Жолдошум курулуш тармагында иштеп жүргөндө, тааныш эжеден узартылган мөөнөткө 130 миң сомго 4 сотых жер участок сатып алдык. Бирок акчасы төлөнө элек. Кыш жакындаган сайын тынчыбыз кетип, жолдошум иштеген жеринен курулуш материал сурап, ылайдан бир бөлмөлүү времянка тургуздук. Ичи-тышы шыбалбаган муздак үйдө балдарым менен жашап жүрүп, жакында бөлмөнүн ичин шыбап, актап алдык. Ошентсе да үй суук. Каражаттын жоктугунан көмүр, отун-суу ала элекпиз. Учурда курулуштан калган калдыктарды жагып, үй жылытып жатабыз", - деп билдирди Кайкыева.
Гүлжан Кайкыева 36 жашта. Жолдошу Нурбек Нурбадча уулу менен 10 жылдан ашуун чогуу жашап, 2 уул 4 кыздуу болушкан. Учурда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда толук бүтө элек жер тамда жашашат. Бүгүнкү күндө каарманыбыз 7-наристесин күтүп жаткан чагы. Кош бойлуу экенине 5 айдын жүзү болуп калса да дарыгердин көзөмөлүнөн өтө элек. Ал тургай каттоого да тура элек.
"Балдарымдын улуусу 9 жашта. Кенжеси 1 жашка толду. Азырынча кичүү балабызга каражаттын жоктугунан туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элекпиз. Ошол эле учурда Бишкекке көчүп келгенден бери жөлөк пул албай калдык. Анткени эч жерге каттоого турган эмеспиз. Биздин көчөдө жашаган кошуналарыбыз 25 миң сомдон чогултуп электр жарыгын турукташтырууга трансформатор сатып алышкан. Ал акчаны да бере албай жатабыз. Абалыбызды көрүп-билгендер май, азык-түлүк, ундан жардам берип жатышат. Бөлмөбүз тар болгондуктан үй буюмдарыбыз жана кийимдерибиз эшиктин алдында үйүлүп жатат, үстүн эптеп жаап койгонбуз. Бир туугандарыбыз жардам берчүдөй эмес. Анткени алардын жашоосу деле биздикиндей", - деп кошумчалады каарманыбыз.
7-наристесин күтүп жаткан эне: "Үй суук, отун-суу ала албай карызга баттык"

Кыскасы, колумда жок деп эле балалуу бактысынан ажыроо туура эмес... Жакыр болсо да ошол балдарынын келечеги учун колунан келишинче тырмышып тытынып иштеп журушот.....