Жантөрө Сатыбалдиев: "Бишкекте кол коюлган кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн ортосундагы келишимдер толук аткарылат"
"Бишкекте кол коюлган кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн ортосундагы келишимдер толук аткарылат",- деп билдирди 28-майда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы маанилүү бир катар маселелерди талкуулашты. Сатыбалдиевдин айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы демаркация жана делимитация маселелери боюнча түзүлгөн комиссияны КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов жетектейт. "Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык. Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңызга өзгөчө маани беребиз",- деди премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

