Бишкекте ырчы Гүлбү Ороскул кызын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат



Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарындагы Беш-Күңгөй айылында ырчы Гүлбү Ороскул кызын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Ырчы 6-октябрь күнү 40 жашында дүйнө салган. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча Гүлбү Ороскул кызынын ашказан оорусунан улам ичине кан толуп каза болгон.
Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ырчынын артында эки кызы калды.
Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди
Автор: Нуржан Сманова
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
2

ой боюна койбой алып кетип, госпитализация кылганда, ушентип олбой калат беле?Диагнозун да туура коё алышпаганда,кете беришкен, анан кайра чакырды деп атпайбы алар келгенче узулуп кете бериптир. Мен ойлойм бу жерде врачтар да куноолуу деп...
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат, кененирээк купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!