super.kg logo

"Өлкөдө баш аламандык уюштурууга аракет кылган" деп кармалган активист Мелис Аспеков менен кошо дагы бир жаран кармалды

 

Өлкөдө баш аламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен кармалган "Мекенчил" саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков менен кошо дагы бир жаран кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Белгилей кетсек, жарандык активист Мелис Аспековду УКМКнын кызматкерлери 9-октябрь күнү кечинде үйүнөн кармап кеткен. Аны бир жарандын арызынын негизинде 48 саатка камакка алышкан.

"М.Аспеков белгилүү бир топтун кызыкчылыгы үчүн өлкөдө Президенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин бийликти күч менен басып алууга жана баш аламандык уюштурууга аракет жасаган деп шектелип кармалды. Ошондой эле ал "кылмышка даярдануу", "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери менен күнөөлөнүп кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев менен байланышта болуп, "Республика" партиясынын тарапташтары менен бирге шайлоодон кийин коомдук баш аламандык уюштурууга даярданып жаткан", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган фактылар боюнча кармалгандардын үстүнөн "массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу", "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.10.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх чиркин шайтан шайло болдуга элим деп куйгон эл башчы келерине ишенбей калдым озубуз алты милон болсок шайлого уч милону катышса уч милонду 5ке болуп уруштурасынарго.шайлонун алдында эле теролор пйда боло калчу болду
10.10.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге тынчтык керек, кимиси келсе деле элге күйбөйт. Элим аман болсун ылайым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: