super.kg logo

Салянованын сотуна Нарымбаев, коомдук жактоочу, акыйкатчы келди. Милиция акыркы экөөнү гана киргизди

 

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм чыгары күтүлүүдө. Сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетип, сот залына кайтып келе элек.

Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Учурда сотко президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова, акыйкатчы Кубат Оторбаев жана журналисттер келишти. Милиция сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Оторбаев менен Сыдыкованы сот залына киргизишти. Калгандарын киргизбей жатат.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.10.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция буйрукту аткаратго буйрук келсе аткарат келбесе айласы жокта бирок
10.10.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пара менен кармалган,атамбаевдин мурдагы апарат жетекчиси ал жерде эмне кылып журот армии???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: