super.kg logo

ЖАМК: "Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын камагынан СИЗО-1ге бүгүн которулушту"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын камагынан СИЗО-1ге бүгүн которулушту. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан Элеонора Сабатарова билдирди.

"Бүгүн, 10-октябрда түшкү саат 12:00дө соттолуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду УКМКнын тергөө абагынан ЖАМКнын №1-СИЗОсуна которуу иштери жүргүзүлдү. Мекеменин шарты боюнча тергөө абагынан которулган соттолуучулар аталган СИЗОдо 1 апта бою ар кандай медициналык текшерүүлөрдөн өтөт. Андан соң сот кайсы режим менен жаза мөөнөтүн өтөөгө буюрса, ошол режимге ылайыкташкан абакка киргизилет".

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүмүн чыгарган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Кошумчалай кетсек, соттолуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
10.10.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Эртерек которушсун общ калонияга. Куноолору бар жазаланышсын!
10.10.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Xanisha, куноосу далилденбей соттолуштуго.кайсыгы факты менен соттошту ?
11.10.2017. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xanisha, сен эмес Атамбайын дагы таппады куноосун! Озун учун деле кирип соттогу видеолорун коруп ал!
11.10.2017. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona, Атамбаевтин балекетин ал ××××
10.10.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Агаче шайлоодо бийлик утулса чыгып калышат Буйруса Бир жумада бийлик утулат деп умут кылып тургула
10.10.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fora,козун ачыкбы
10.10.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Xanisha,Козу ачыка сен ишенесин куносу жок экени соттун журушдо эле белгилуу болдуго
10.10.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу болсо отосун куноосуз болсо акталсын!
10.10.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,акталат буйруса
10.10.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Черкешивич красавчик эмне болсо да.Текебаев дагы акыркы созун айта элек шашпагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: