super.kg logo

ИИМ: "Милиция кызматкерлери ырчы Клара Алибековага жардам көрсөтпөстөн унаадан түшүрүп салган факт тастыкталган жок"

 

Эстрада ырчысы Клара Алибекованы видеого тартып, интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө жүрөт. Мындай маалыматты бүгүн, 10-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына байланышканыбызда, К.Алибековадан арыз келип түшкөндүгүн тастыктаган. Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарынан Клара Алибекованы зордуктоого аракет жасап, муунтуп, артынан кууган адамдарды издөө иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Эске сала кетсек, буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталыштагы видео тараган. Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаганы тартылган.

Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаганын айтып берген. Ошондой эле ал жардам сурап милиция кызматкерлерине кайрылганда, шылдыңга алышып, түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшканын айткан.

Мындан улам коомчулукта жана интернет айдыңында кызуу талкуу жаралып, милиция кызматкерлеринин мамилеси кескин сынга алынган.

"Окуядан кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган. Анын жыйынтыгында Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясынын 3 кызматкери аталган окуяга шектүү катары аныкталышкан. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери Алибековага жардам көрсөтпөстөн унаадан түшүрүп салгандыгы тууралуу факт аныкталган эмес. Ошондой эле ошол түнү Алибекова менен бирге көчөдө жүргөн адам кармалып, суракка алынган. Муну менен катар арыз ээсинин артынан кууп, зордуктоого аракет жасады деген маалымат да тастыкталган жок.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, 3 Патрулдук милициянын кызматкерлери дисциплиналык тартиптин негизинде жоопко тартылышты. Окуя боюнча чогултулган материалдын баары юридикалык баа берүү максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Мындан аркы маселелер тергөө органдарынын чыгарган жыйынтыгына жараша чечилмекчи", - деп маалымдашты ИИМдин басма сөз кызматынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(55)
10.10.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Бул жумуштар тасмага алынбашы керек! Жалпы журтка жарыялоо туура эмес!!! Бул кызматкерлер жазага тартылып,жумуштан кетуусуу керек.
10.10.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
bosmos77777,видеосу факт болуп туратго Тооба иимге соз жок анда жаап салгыла милицияны элдин акчасын жедирбей озубузду озубуз коргойбуз Кудай бар жазанарды береер...
11.10.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне дешти да билбейсин
10.10.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Кантип тастыкталган жок?''болдубу туш машинадан деген"менби?уят эле иим!
10.10.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Олду го видео да факт эмеспи эми алдуусу алсызын тытып жеген заман болду го акыйкат жок
10.10.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Карга карганын көзүн чукубайт! Бардык эле милиция кызматкерлери карапайым элге ушундай орой мамиле кылышат! Качан эле менттер кичипейил болуп, жардам керек болсо кол суна калчу эле.
10.10.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Бул милициянын эн чон катасы уят эле
10.10.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Адилетуулук жок бул заман арман заман болду,акча берип жакшылап жаза бергиле десе ак кишини да каралап камашат. Клара акча бербей адилеттуулукту кутту да мына жыйынтык уят,уят бизди коргойт дегендер кайра кордоп жатат. Катуу жаза берилсе калган милиционерлерге сабак болот эле. Тушунуксуз акыйкаты жок дуйно,акча баарын чечкен дуйно. Клара эч чокпо озунду колго алып чыйрак жана бекем бол,бул наадандарга Алланын каргышы болсун.
10.10.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Аман эсен Соке ни шайтан алсан архив мындай арыктап да кыргыз кочуп ужин тип урана берет милиция энди ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:01:37
10.10.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Nurik-88,не деп эле салгансын
11.10.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Nurik-88,озун тушундунбу жазганынды мен тушунбой кыжалаттамын
11.10.2017. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Nurik-88,реп айтвирдинго
10.10.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Бирок ошондо милиция жок болгондо не болмок милиция бар болсода бир жагынан жакшы алар бар кочо тынч мени ойумча дагы билбейм....
10.10.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эми бул кандай болду
Коз коруно,корунуп турса кантип тастыкталбады дейт (((
Шок адамды маскаралап видеого тартып интернетке таратты бул мыйзам бузуу эмеспи
Мындайча айтканда расса копту булар
Герсейип озлору бузат мыйзамды
Сылык сыпаа суйлош керек ал допрос
Зордуктадывы? Дейт ХХХХ
Тегеле бир жакшына мент коро элекмин бут бир кишиден жаралгансып окшош
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:09:09
10.10.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ментер ото эле кооб кетти бир чарасын корбосо болбойт Алибекованын ордуна эже карындаштарыбызды койуб коргуло беш секунд ойлонуб коргуло тиги уч мусорду не кылгынар келиб кетет
10.10.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
narbek,расса копкон мен ачыгын айтайын ортоп сала турганы бар мен жек кором шакалдарды
11.10.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
narbek,Сенде, ,п"деген тамга жокбу?Кооб-көөп,ойлонуб-ойлонуп,койуб-коюп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: