super.kg logo

Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылды (фото)

 

Бишкекте бүгүн, 11-октябрда Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 7:00дөр чамасында катталып, мында 38-каттамдагы автобус менен Hоnda CR-V үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жеңил унаа Исанов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып Чүй көчөсүнө катуу ылдамдыкта чыккан. Натыйжада автобус менен сүзүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган жеңил унаа каза болуп калган бейтапты үйүнөн шашылыш ооруканага алып бара жаткан. Ал кырсыктан эмес, өз оорусунан эле каза болгон болушу мүмкүн. Автокырсык орун алган соң, жардамга келген адамдар жеңил унаанын ичиндеги адамдын денесин кырсыктан куткаруу үчүн жерге алып түшүшкөн.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылган. Учурда Патрулдук милиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөп, кырсыктын себептерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.10.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жакшы иш болбоптур
11.10.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай озу сактасын кырсыктан ееее алла
11.10.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакыны ооруп олум алдында жатса катуу ылдамдыкта бейтапканага алып бараткан го. Тез жардам чакырса эки саатта келет да, анын устуно тез жардам катышкан бир канча жол кырсыгы да болуп кетпедиби жакында эле. Ото жаман болуптур, эч кимдин башына салбасын мындай ишти.
tram-lam түзөттү 2017-10-11 09:36:00
11.10.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коруп алып жаман болдум. Кудайым боодо кырсыктан сакта. Пробкада турганыбыздан президент ототго ошого жол жабык го деп ойлогом...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: