super.kg logo

Райкан Төлөгөнов сотто сурак берип баштады

 

Бүгүн, 11-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши каралууда. Бирок отурум башталганда сот күбөлөр суралып бүткөнүн айтып, Төлөгөновдун өзүн суракка алуу керектигин белгилеген. Ага нааразы болгон жактоочу Төлөгөновдун ишине тикелей тиешеси бар бир нече адамдар суралбай калганын, ага байланыштуу баарын суроо керектигин же ишти кыскартып Төлөгөновду актоо керектигин айткан. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып аталган сунушту четке какты. Бул маселеге каршы чыккан прокурорго нааразы болгон соттолуучу прокурордун кесипкөй экенинен шектенип жатканын айтып ага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот аталган маселени кароо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин ал талапты да четке какты.

Мындан соң жактоочу сотту калыс карабай жатканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Аталган талаптан кийин чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин жактоочунун талабын четке какты. Сот бул талап ишке тиркелерин айтып Төлөгөновду суракка алууну баштоо чечимин чыгарды.

"Бул иш баштан аяк ойдон чыгарылган. Мени талап-тоноо болду деген жерлерден көрдүк деген даректердин бир-экөөндө гана болгом. Мен Москва көчөсүндөгү даректе жана Панфилов 142 дарегине баргам. Мен шаарды жакшы билгениме карабай, калган даректер жадакалса кайсы жерде экенин да билбейт экенмин. Мен ал учурда Ак Үйдүн чыгыш тарабында эки полковникке кошулуп чогуу жүргөм. Урматтуу сот, аларды эмнеге суракка чакырбайсыз?" - деди Төлөгөнов.

Ал аталган эки дарекке барганда Юсупов чындап эле жанында жүргөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir777, кабарга тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: