super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Нарын жана Өзгөн шаарларынын тургундары "жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берилбей жатат" дешет

 
Нарын шаарынын жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмү.
Өзгөн шаарынын жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмү.

"Нарын шаарынын жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмү бир нече айдан бери жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү бербей жатышат. Мунун себебин алар Бишкек шаарынан күбөлүктүн бланк, мукабалары келбей жатат деп түшүндүрүштү. Жок дегенде жаңы төрөлгөн балдарыбыздын документтерин создуктурбай эрте берүүгө шарт түзүп беришсе болмок". Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жиберди.

Ушул эле кызматтан пайдаланып, мындай маалыматтарды Өзгөн районунда жашаган окурмандар да жиберишүүдө. "Алыстан жол кире, убакыт коротуп келебиз дагы, 1 кагазды ала албай кетебиз. Сурасак борбордон күбөлүктүн "корочкасы" келбей жатат дешти. Качан калкты тейлөө жакшырат?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: