Түркмөн башчысы Бердымухамедов Путиндин туулган күнүнө алабай күчүк белек кылды

Кечээ, 11-октябрда Сочиге иш сапары менен барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Орусиянын президенти Владимир Путинди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, ага алабай тукумундагы күчүк белек кылды.
"Мен жагымдуу миссиядан баштайын деп турам. Жакында эле сиздин туулган күнүңүз болгон. Сизди чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, ийгилик жана бардык жыргалчылыктарды каалайм. Белекке алабай тукумундагы кичинекей күчүктү ала келгем", - деген ал.
Видеодон Бердымухамедов күчүктү алып келүүнү айтып, аны алып келгенде желкесинен көтөрүп алганы көрүнүп турат. Күчүк өзүн оңтойсуз сезип жатканын байкаган Путин аны колуна алып, башынан өпкөн.
Бердымухамедов Сочиге КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.
Эске салсак, Орусиянын эл башчысы Владимир Путиндин туулган күнү 7-октябрда өткөн. Ал бул жылы 65 жашка чыкты.
Бердымухамедов Путинге алабай тукумундагы күчүк белек кылды.


Мен дагы алабай кучук баккым келип журот. Кайдан сатып алса болот?
И тайган дагы