super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда котормочу өзүн жаман сезип, соттук отурум жылдырылды

 

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө күбө катары катышып жаткан "Барат Люкс" ишканасынын директору Али Юкселдин сөзүн которууга чакырылган котормочу өзүн жаман сезип жатканын айтты.

"Урматтуу сот, мен өзүмдү жаман сезип баштадым. Отурумга мындан ары катыша албайм. Азыр мен мындай абалда которо албайм", - деп билдирди котормочу.

Сот котормочунун ден соолугуна байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырды. Кийинки соттук отурум 16-октябрда саат 9:30да өткөрүлмөй болду.

Эске салсак, буга чейин депутат Алмамбет Шыкмаматов жана анын жактоочусу котормочунун лицензиясы жана башка документтери жок экендигин айтып сотко катышуусуна каршы чыгышкан.

Маалым болгондой, УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосуз экенин билесинер, жылдырып эмне кыласынар актагыла. Эгер куноосу болгон болсо качан эле УКМКнын тергоо абагына алып кирет болчунарда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: