"Эл президенттикке кимди шайлай турганын өзү чечсин" деди Атамбаев




"Эл президенттикке кимди шайлай турганын өзү чечсин", - деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
"Эл кимди шайласа ошол президент болот. Эл өзү чечсин. Ушул жол менен кетеби же Акаев менен Бакиев кеткен жол менен кеткиси келеби, өзү чечсин. "Азаттык" үналгысы, бизди сындаардан мурда, силерге акча төлөп берип жаткан өлкөнү сындагыла", - деп билдирди Атамбаев.
Ал эми шайлоо алдындагы маанайы тууралуу буларды айтты: "Мен үчүн бүгүн майрам күн. Кыргыз эли таза шайлоо үчүн кандай кыйынчылыктарды көрүп, күрөшүп келген. Ар бир эл өзүнүн бийлигин өзү шайласын. Мен президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин жооп бергенге даярмын".
Өлкөдө бүгүн президенттик шайлоо өтүүдө.
Алмазбек Атамбаев: "Эл президенттикке кимди шайлай турганын өзү чечсин"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Кандай адамсынар силер деги ?!умуттонбой эле
Койгула Мадумаров прещидент болбойт алдынкы 3ко
Да кирбейт