ИИМ: "Шайлоо күнү бейбаштык, адамдын денесине залал келтирүү фактылары боюнча 54 арыз катталды"
Президенттик шайлоону өткөрүү күнү адамдын денесине залал келтирүү фактылары боюнча 54 арыз катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 15-октябрь күнү ички иштер органдары тарабынан шайлоого байланыштуу анын ичинен мыйзамсыз үгүттөө, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет жасоо, бейбаштык, адамдын денесине залал келтирүү фактылары боюнча 54 арыз катталган. Учурда алардын ичинен 41 факт такталды. Бишкек шаары боюнча 21, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Ош шаарында 5, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 факт катталган. Бардык катталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
"Мыйзам бузуу боюнча БШКга 6 факты жөнөтүлсө, ал эми ички иштер органдары 2 факты боюнча административдик мүнөздөгү чараларды көрүштү. Сот тарабынан чечим чыгарыш үчүн 6 материал жөнөтүлдү. Арыздар жана маалыматтар дагы келип жатат. Республикада ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн кызматта иштеп жатат. Укук коргоо органдары тартип бузууларга өз убагында чараларды көрүшөт", - деп билдирди ИИМнин басма сөз кызматы.



Видеолордо корунуп эле турбайбы, тарткылап уруп жатса, милициялар оозун ачып карап турганы....
Шайлоодо Жээнбековдун спортсмендери аны-тигини опузалады, сабады деген кептер коп айтылууда... Ар бир шайлоо тилкесине милиция, учасковойлор болунсо, алар кай жакты карап журду?!!
НТСтин журналисти айтты го, ,мени опузалап жатканын милициялар коруп, жардам беруунун ордуна "арымалып кеткиле" дегенин....
Корунуп эле турбадыбы, БШКдан тарта УКМК, прокуратура, милиция ж.б. бут бийликтин талапкери учун иштегени... Хотя ошолорго айлыкты мына биз, Эл толоп берет, казынага салык толоп.....