super.kg logo

Маевкадагы өрт: Унаалары өрттөлгөн жашоочу окуя тууралуу айтып берди

 

16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында бир нече жерге өрт коюу болгон. Короодо токтоп турган унаалары өрттөлгөн жогорудагы айылдын жашоочусу Альбина Метерова өзүнүн интернеттеги баракчасына окуя тууралуу төмөнкүлөрдү жазды.

"Түнкү саат 02:30дар чамасында бизди кошуналарыбыз ойготуп, унаабыз күйүп жатканын айтышты. Кийинчерээк батирди ижарага алып жашагандардын унаасы да күйүп жатканын көрдүк. Өрт чарбалык курулуштарга өтүп жаткан эле. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өчүрүп турсак бизден 5-6 үй алыс жашаган кошуналарыбыз келип белгисиз адамдар алардын үйүн өрттөп кетишкенин айтышты. Алардын билдиришинче, белгисиз адамдар кермеде жайылып турган шейшептерди күйгүзүп качып кетишкен. Үй ээлери өрттү өчүрүүгө жетишкен. Көчөгө чыгып карашканда белгисиз адам Ак-Босого конушу тарапка кеткенин көрүп калышкан.

Өрт өчүрүүчүлөр менен сүйлөшүп жатканда Ак-Босогодо азык-түлүк сатуучу күркө өрттөнүп жатканын айтышты. Ошол жактан келе жаткан кошунабыз жолдо күйүп жаткан бир унааны өчүрүүгө жардам бергенин айтты. Биздин короодогу өрттү өчүрүшкөндөн кийин достору менен айлананы байкоо үчүн чыгып Ак-Босогодо дагы эки өрттү өчүрүшүптүр. Бир жерде жол тандабас, экинчи жерде турак үй өрттөнүп жаткан экен.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 2 саат аралыгында Жаш Гвардия бульвары жакта 5 өрт катталганын билдиришти. Алардын айтымында ал жерден 3 үй, 2 унаа күйгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр кеткенден кийин кошуналарыбыз жакын жерде Субару унаасы токтоп турганын көрүшкөн. Милиция кызматкерлери унаа тарапка бара жатканда айдоочу катуу ылдамдыкта унааны айдап кетип калган. Белгилүү болгондой, 15-октябрда Маевка айылында соода күркөсү өрттөнгөн. 16-октябрда болсо турак үйдөн өрт чыккан. Бирок айыл тургундары жана милиция кызматкерлери аны күтүүсүз кырсык катары карап, көңүл бурушкан эмес экен".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.10.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Провакатция кылайын дегенго чамасы укмка адаттагыдай
17.10.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо акыл эси жайында эмес адам мынчалык орттобосо керек элди алаксытыш эмеспи
17.10.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Синий Китке окшошко
Azahan түзөттү 2017-10-17 13:26:37
17.10.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Выбордун жыйынтыгына эл дурбобош учун элди алдоо го дейм (бийликтин иши)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: