super.kg logo

Маевкадагы өрт коюудан мүлкүнө зыян келген тургун: "Унаамды алганыма 15 эле күн болгон"

 

16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын бир нече жеринде өрт кырсыгы катталды. Мындай маалыматты ӨКМдан жана укук коргоо кызматтарынан тастыкташканы белгилүү. Аталган айылдын тургуну, мүлкүнө зыян келтирилген жаран Нурлан Жумабаев окуя тууралуу айтып берди. Анын Сельская көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосунда токтоп турган Тойота-Калдина үлгүсүндөгү унаасы күйүп кеткен.

"Түнкү саат 2:30дар чамасында кошунам келип унаам күйүп жатканын айтты. Өз аракетибиз менен жарым саатка жакын убакытта өчүрүп калдык. Ким кылганын сурасам "билбейм, бою узун бала бул жактан чуркап кетти" деп айтты. Андан кийин суу, кум чачып жатып өрттү үйгө өткөрбөй өчүрүп калдык. Унаамды 6 миң 500 долларга алган болчумун", - деди Жумабаев.

Ошондой эле ушул көчөдө жашаган Эрмек Кенжебаев аттуу тургун дагы материалдык жабыр тарткан. Анын Фиат үлгүсүндөгү унаасынын эч нерсеси калбай күйүп кеткен. "Түнкү саат 2:30дар чамасында кошунам унаамдын күйүп жатканын айтып ойготту. Өчүрүп жетишкен жокпуз. Ал толугу менен күйүп кетти. Унаамды алганыма 15 эле күн болгон. Акчасын да толук төлөп бүтө элек болчумун", - деди жабырлануучу Кенжебаев.

Өрт кырсыктары тууралуу Чүй ОИИББинин атайын кызматы иликтөө жүргүзүүдө. Тийиштүү материалдар топтолгон соң окуяга юридикалык баа берилерин билдиришти аталган кызматтын маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.10.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Очошуп жургон адам окшойт
17.10.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш балдар болушу мумкун.
17.10.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Точна өчөшкөн бирөө кылган болбосо экөөнүнүкүндө бир убакта өрт чыкпастыр
17.10.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
almanbetperm, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
17.10.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким болсо жок алсыз айбандын ишида алы жетпей машинасына кучун чыгарган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: