super.kg logo

Маевка жана Ак-Босого айылдарындагы үй жана унааларды өрттөп жиберген адам кармала элек

 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка жана Ак-Босого айылдарында 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү онго жакын өрт кырсыгы катталган. Маалыматтарга караганда, белгисиз адам айрым тургундардын унааларын жана үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган. Анын ичинен бир үй жана бир унаа толугу менен күйүп кеткен.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 18-октябрда кабарлашкандай, жарандардын мүлкүн өрттөөгө шектүү адамдын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам изилдөө аракеттери улантылып жатат.

"Ички иштер органдары тарабынан шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо аракети жүрүп жатат. Кылмышка шектүү психикалык оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.






1 түндө 3 автоунааны жана 1 турак үйдү өрттөгөн кылмышкер изделүүдө

Автор: Айтолкун Анапия кызы, Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.10.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шыйрагын сынгыр десе...
19.10.2017. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылап аракет кылып издесе тапмак
Медиа-портал
20.10.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам жолдо келген болсо ушундай болотта унутбайлы Аллах учун еурбандык кылуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: