Мыкты окуган студенттер Атамбаевдин колунан президенттик стипендия алышты (фото)
























Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында студенттерге президенттик стипендия тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча республикадагы бардык жогорку окуу жайларда билим алып жүргөндөр сыйланды.
Быйыл май айында президенттик стипендияга документтерди кабыл алуу жарыяланып, өлкө аймагындагы 32 жогорку окуу жайынан 178 студент сынакка катышкан.
Мамлекеттик органдардан, жарандык коомдон жана көз карандысыз эксперттерден турган комиссия алардын арасынан эң мыкты жетишкендиктерге жетишкен 70 студентке сыйлык ыйгарды.
“Силер Кыргыз Республикасынын келечегин коргой турган, мамлекетти эң бай кыла турган, көз карандысыз кыла турган жаштарсыңар. Майрамыңар менен! Дайым аман болгула. Мен силерге жана силердин жакындарыңарга, эң негизгиси мугалимдериңерге ыраазычылык билдирем”, - деди президент.
Эске сала кетсек, студенттер үчүн президенттик стипендия жыл сайын салттуу берилип келет.
кошулду
А.Атамбаевдин студенттерге президенттик стипендия тапшырууда сүйлөгөн сөзү (толугу менен)











1 |