super.kg logo
  Саясат  

Талас. Бакай-Атадагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 35 миң сом зыян алып келди

 

Талас облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдирет. Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы №93-өрткө каршы бөлүмүнө саат 11:55де Боо-Терек айылындагы Ч.Сатаев көчөсүнүн №381-үйүндө өрт чыккандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ал жерге өрт өчүрүүчүлөр барганда чөп жыйналган бастырма жана сарай күйүп жаткан. Өрт өчүрүүчүлөрдүн иш-аракеттери менен тилсиз жоонун мизи кайтарылган. Жыйынтыгында өрттүн жалпы чыгымы 35 миң сомду түзгөн. Ал эми өрт өчүрүүчүлөрдүн убагында көрсөтүлгөн жардамы аркылуу 750 миң сомдук материалдык байлык сакталып калган. Өрттүн келип чыгуусуна балдардын өрт менен ойногондугу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: